Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкек–Балыкчы жол кыймылына көзөмөл күчөтүлдү

Бишкек–Балыкчы жол кыймылына көзөмөл күчөтүлдү

Бишкек–Балыкчы унаа жолунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкы башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, башкармалыктын башчысынын орун басары Айбек Жумагулов Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун айрым тилкелеринде кызмат өтөп жаткан жол тескөөчүлөрдүн иш шарттары менен таанышып, айдоочулар үчүн түзүлгөн шарттарды көзөмөлдөдү.

Текшерүүнүн алкагында кызматкерлерге берилген төш камералардын, автоурагандардын, электрондук планшеттердин жана байланыш каражаттарынын техникалык абалы көзөмөлдөндү. Ошондой эле жол кырсыктарын жана тыгындарды алдын алуу боюнча нускамалар берилди.

Мындан тышкары, жол чийиндери жана жол белгилери текшерилип, айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча сунуштар айтылды.

Жол жээгиндеги уруксатсыз соода-сатыктарга бөгөт коюу, кооптуу участокторду жана жол тосмолорду иретке келтирүү боюнча тапшырмалар берилди.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар