Башкы беткеМаанилүүМинистрлер кабинетинде жаңы дайындоолор болду

Министрлер кабинетинде жаңы дайындоолор болду

Бакыт Торобаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматынан бошотулду.

Анын ордуна Эрлист Акунбеков Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Ошондой эле, Акунбеков Эрлист Абакировичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилери маалымдалды.

Тиешелүү чечим расмий түрдө кабыл алынды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар