Башкы беткеСаясат жана коомКоомШКУнун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйыны Кыргызстанда өтөт

ШКУнун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйыны Кыргызстанда өтөт

ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйыны 2026-жылы Кыргыз Республикасында өтөт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотовдун Шанхай кызматташтык уюмунун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Пекин шаарында өткөн юбилейлик жыйырманчы жолугушуусуна катышуусунда белгилүү болду.

Иш-чара башталар алдында делегация башчыларын КЭРдин төрагасынын орун басары Хань Чжэн кабыл алды.

Бактыбек Бекболотов өз сөзүндө ШКУ аймагындагы коопсуздук жана туруктуулук темасына токтолуп, аягына чыкпаган согуштардын жана саясий кризистердин айланасында терроризм жана экстремизмден тышкары, курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү, баңгизаттарды сатуу жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун ишмердүүлүгү дагы деле коркунуч туудуруп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде ШКУ аянтчасы бардык карама-каршылыктарды чечүү үчүн универсалдуу жай болуп саналат. Коопсуздук жаатында жагымдуу шарттарды түзүү бирдиктүү геоэкономикалык мейкиндиктин архитектурасын түзүү үчүн бекем негиз жаратат. Туруктуулуктун негизги элементи болуп саясий диалогду чыңдоо жана өз ара урматтоо принциптеринин негизинде ар кандай деңгээлдеги өз ара аракеттенүүнү күчөтүү саналат.

ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 20-жыйынынын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.

 

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар