Американын чалгындоо башкармалыгы (Central Intelligence Agency; CIA) президент Трамптын билдирүүсүнө карама-каршы баяндама жарыялады. Евроньюстун маалыматына ылайык, 24-июнда жарыяланган бул изилдөөдө Ирандын өзөктүк объектилерине АКШ тараптан урулган сокку оңунан чыккан жок деген тыянак чыгарылган (https://ru.euronews.com/2025/06/25/israel-iran-ceasefire-update).
Башкы чалгын кызматы АКШ президенти Трамптын «биз Ирандын өзөктүк куралга ээ болуу аракетине чоң чабуул коюп, өзөктүк программасын бир топ артка жылдырдык» деген билдирүүсүн жокко чыгарды. Тегеран да АКШ аскер күчтөрү өзөктүк объектилерге олуттуу зыян келтирбегенин, эбак эле ал жайлардан өзөктүк программага зарыл материалдар алынып кеткенин билдирген. Американын чалгындоо башкармасы АКШнын соккусу объектилердин сыртына гана тийип, жер астындагы инфратүзүм сакталып калганын баяндаган.
Вашингтон чалгындоо кызматынын баяндамасын төгүндөгөнчө шашты. Ак үйдүн пресс-катчысы Каролин Ливитт баяндаманы “такыр туура эмес» деп атап, өз миссиясын эң сонун аткарган аскер аба күчтөрүн дискредитациялоого багытталган жалган маалымат катары сыпаттады.
Ал ортодо аналитиктер Трамптын администрациясы менен Американын бийлик органдарынын жана кызмат адамдарынын ортосундагы карама-каршылык соңку мезгилде байкала баштаганын дагы бир ирет эске салышты.