1-марттан маанилүү өзгөрүүлөр күчүнө кирди

0
4388

2026-жылдын 1-мартынан тарта Кыргызстанда жана негизги өнөктөш өлкөлөрдө бир катар маанилүү өзгөрүүлөр күчүнө кирди. Алар зер буюмдар рыногуна, көчөттөрдү импорттоого, салык отчеттуулугуна, банк системасына жана миграциялык саясатка таасирин тийгизет.

Жакынкы Чыгышка каттамдар токтотулду

1-марттан тарта Бишкек — Дубай, Бишкек — Шарджа жана Бишкек — Жидда багыттары боюнча авиакаттамдар белгисиз мөөнөткө токтотулду. Чечим Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна жана айрым өлкөлөрдүн аба мейкиндигинин жабылышына байланыштуу кабыл алынган.
Ошол эле учурда Манас эл аралык аэропорту башка багыттар боюнча кадимки режимде ишин улантууда.

Ошто «Келечек» базары жабылды

1-марттан тарта Ош шаарындагы эски «Келечек» базары расмий түрдө ишин токтотту. Шаар мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасы менен контейнерлерди демонтаждоо жана соода түйүндөрүн жаңы аталыштагы аянтчага этап-этабы менен көчүрүү иштери башталды.

Зер буюмдарын мыйзамдаштыруунун акыркы мөөнөтү

1-март — баштапкы документтери жок кымбат баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын мыйзамдаштыруунун акыркы күнү болду. Ишкерлер ушул күнгө чейин эсепке алынбаган алтын жана күмүш калдыктары тууралуу маалыматтарды электрондук эсеп-фактура (ЭСФ) системасына киргизүүгө милдеттүү эле.
Жеңилдетилген шарт боюнча пробирдик жыйым алтын буюмга 10 сом, күмүш буюмга 8 сом болуп белгиленген.

Чет өлкөдө иштеген бизнес үчүн бирдиктүү салык

Мамлекеттик салык кызматы чет өлкөдө иш алып барган ишкерлерден 0,1% ставкасы менен жөнөкөйлөштүрүлгөн системага өтүү боюнча арыздарды кабыл алууну жыйынтыктады. Мөөнөт 2026-жылдын 1-мартына чейин узартылган болчу.
Эрежеге ылайык, ишмердүүлүгү Кыргызстандын аймагынан тышкары жүргүзүлгөн компаниялар жана жарандар ушул режимди колдонууга тийиш.

Көчөттөрдү импорттоого убактылуу тыюу салынды

Өкмөт ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн жемиш-жидек көчөттөрүн импорттоого алты айлык убактылуу чектөө киргизди. Чектөө 2026-жылдын сентябрына чейин күчүндө болот.
Бул чара ички рынокту коргоого жана жергиликтүү питомниктерди колдоого багытталган. Ал эми Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө — Россия, Казакстан, Беларусь жана Армениядан ташууларга уруксат берилет.

Банктарда антифрод-системалар ишке кирди

1-марттан тарта Улуттук банктын жаңы талаптарына ылайык, коммерциялык банктар операциялык тобокелдиктерди башкаруу алкагында толук кандуу антифрод-системаларды ишке киргизүүгө милдеттендирилди.
Каржы уюмдары шектүү транзакцияларды алдамчылыкка текшерүү максатында 30 күнгө чейин убактылуу бөгөт коюу укугуна ээ болду.

Россияда мигранттарга байланыштуу жаңы эрежелер

1-марттан тарта Россияда чет өлкөлүк жарандарды жумуштан бошотуунун негиздери кеңейтилди. Эми аймактык бийлик белгилүү бир тармакта чет элдик жумушчу күчүн тартууга тыюу салган учурда иш берүүчүлөр эмгек келишимин токтотууга укуктуу. Мурда мындай ыйгарым укук федералдык борбордо гана болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз