whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.06.2025
22.3 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКөчөткө тийген көлөкө...

Көчөткө тийген көлөкө…

«Жүз жылды ойлосоң бак тик…”          Эл макалы

Быйыл “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында Кыргызстанда 8,5 миллион түп көчөт отургузуу пландаштырылууда. Ийне жалбырактуу жана жалбырактуу дарактардын көчөттөрү жана аларды отургузуу үчүн ыңгайлуу убакыттар сунушталган.

Март айынан баштап Бишкек-Нарын-Торугарт трассасынын боюна ийне жалбырактуу дарактардын алгачкы көчөттөрү отургузулду. Жолдун 71-72-чакырымдар аралыгына 300 түп, 105-107-чакырым аралыгына жана Дорожный – Чолок – Боомдун 0-1-чакырымдар аралыгына жалпысынан 500 даана көчөт, жалпысынан 800 түп жол боюна тамырын жайды.

Ушундай эле жол жээгин жашылдандыруу иштери Военно-Антоновка – Үчхоз, Киркомстром – Жал – Аламүдүн, Ош – Баткен – Раззаков, Бишкек – Ош, Кара-Суу – Отуз-Адыр – Кең-Сай жана башка жети дубан жолдорунда жүрүп жатат.

Элдин эсинде болсо керек, акыркы жылдары өлкө аймагында токой баскан аянттарды көбөйтүү, көчөт отургузуу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, “Жашыл мурас” улуттук долбооруна 2022-жылы старт берилген. “Жашыл мурас” долбоору – Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылынын жана Тоо экосистемаларын коргоо жана климатка туруктуулук жылынын алкагында башталган.

2022-жылы эле аталган долбоордун алкагында 1,8 миллион көчөт тигилген. “Ала-Арча” улуттук паркынын аймагына ийне жалбырактуу дарактардын 3 миң 600 түп көчөтү, Боз Бөлтөктөгү 21 гектарга жалбырактуу дарактардын 12 миң көчөтү, Кегети жана Ак-Бешим токойчулугунда 5 гектарга 1 миң 400 алманын көчөтү, 6,5 гектарга 4 миң 400 ийне жалбырактуу көчөт отургузулган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына таянсак, 2022-2023-жылдарда республика боюнча 14 миллион 610 миң 434 көчөт отургузулганы белгиленген. Жалпысынан долбоор башталгандан бери 20 миллион көчөт отургузулган.

Өткөн жылы “Жашыл мурас” долбоо-рунун алкагында 8 миллион көчөт отур-
гузулган. Бул тууралуу БУУнун штаб-квартирасында өткөн “Үч планеталык кризиске токой чечимдери: адамдарга, илимге, технологияга жана каржыга көңүл буруу” аттуу токой боюнча 19-сессиясында айтылып, ага катышкан кыргыз делегациясы дүйнө коомчулугунун көңүлүн биздин өлкөнүн тоолуу токойлоруна буруп, планетадагы эң чоң жаңгак – жемиш массивинин – Арсланбаб реликтив токойлорунун өзгөчөлүгүнө бурганы белгилүү.

Кыргызстанда токой баскан аянттар кеңейип жатканы эл аралык деңгээлде айтыла баштады. БУУнун Айлана-чөйрөнү коргоо программасынын Борбор Азия Суб-
регионалдык кеңсесинде да сөз болуп, анда анын башчысы Айдай Курманова 2000-жылдан бери өлкөдө токойлордун аянты 6,2%дан 6,9%га чейин өскөнүн билдирди. 2000-жылы өлкөдө корголуучу аймактардын аянты 0,5 миллион гектар болсо, 2023-жылга карата бул көрсөткүч 1,5 миллион гектарга жеткен. Хан-Теңири жаратылыш паркы түзүлгөндөн кийин Борбордук Теңир-Тоодо илбирстер байырлаган коргоо аймагы 40%га көбөйгөн.

Баса, «Евразиянын жашыл алкагы» долбоору алкагында Кыргызстандагы мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын сактоо максатында күнөсканаларды өнүктүрүү менен алдыдагы 15 жылда 7 млрд. түп дарактын көчөттөрүн отургузуу пландалууда. Айтымда, долбоордун биринчи этабында бак-дарактардын сорттору изилденип, кийинки этаптарда күнөскананы кеңейтүү менен бир жылда 100 млн., кийин жылына 600 млн. түп дарак көчөттөрүн өстүрүп, Кыргызстандын тоолоруна тигүү планы бар.

“Кыргызстан Борбордук Азиянын “жүрөгү” катары аймакты дээрлик суу менен камсыздап келе жатканы белгилүү. Алдыдагы милдет Кыргызстандын тоолорунда токойдун аянтын 15 жылда 30-35 пайызга чейин кеңейтүү. Неге дегенде, бул көрсөткүч учурда 5 гана пайызды түзөт.

Минтип миллиондоп көчөт отургузулуп жаткан менен, бир “но” бар. Аны Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги да мойнуна алат. Жашырганда эмне, көчөттөр дайыма эле тамыр ала бербей, куурап калып жаткандары да жок эмес. Министрликтин өкүлүнүн айтымында бул көп факторлор менен байланышкан. Бирде жаш көчөткө климат шарты жакпай калса, бирде жердин шартына, же топурагына да байланышкан маселелер бар экен. Ушундан улам, министрлик Илимдер академиясы менен макулдашып иш алып баруу менен, көчөттөрдү туура тандоону жана тиги же бу аймакта өсө турган көчөттү тигүүнү сунуштоодо.

Ооба, чындыгында да багбанчылык кайталангыс өнөр. Көчөт отургузууга чейин көп машакат бар. Иралды тиги же бу бак-дарактын уругун алып, аны питомниктерде өстүрүп, аны көчөт абалына апкелүү да көп убакытты жана эмгекти талап кылат.

Айталы, көчөт отургузуунун да өз мезгили болот. Мисалы алма, кара өрүк, өрүк, шабдалы, алмурут, жаңгак, жүзүм, алча көчөттөрүн Чүй облусунда 15-марттан 15-апрелге чейин, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 25-марттан 25-апрелге чейинки аралыкта отургузсаңыз эч жаңылбайсыз. Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында 1-марттан 10-апрелге чейин отургузулат.

Анан отургузат деп, чуңкур каза салып тиге салганда да болбойт. Багбандар көчөт тигердин алдында кык менен кара топуракты аралаштырып, теңме тең кылып даярдап алып, көчөт отургуза турган чуңкурларды казышат. Сөзсүз түрдө минералдык жер семирткичтер да берилет. Анан албетте суудан өксүтпөш керек. Болбосо, Дастан Бекешовго окшогон депутаттарыбыздын сынына кабыласыз. Алар эртең эле отургузулган көчөттөрдүн баланча пайызы куурап калды деп кыйкырып чыгышат.

Көчөт отургузуудагы дагы бир “но” – бул кымбат көчөттөр. Алсак, быйыл Өзбекстан, Түркия жана Италиядан 1 миң 200 декоративдик көчөттөрдү апкелип отургуза турганы тууралуу маалыматтар айтылууда. Айтымда, Италиядан апкелине турган клендун көчөтүнүн бир түбүнүн баасы 200-250 доллардан кем эмес көрүнөт. 2018-жылы Бишкек мэриясы 9 миң 500 сомдук чет элдик көчөттөрдү апкелип тигип, шаардыктарды таң калтырабыз деп ойлошкон. Бирок, ал көчөттөрдүн дээрлик жарымы куу-рап калганына баарыбыз күбөбүз. Бул үчүн шаардык “Жашылдандыруу” ишканасынын жетекчилиги иштен кеткен. Бирок, ошону менен жабылуу аяк жабылуу бойдон калган.

Арадан жети жыл өтсө да, Бишкек шаарынын Түштүк Магистраль көчөсүнүн боюна тигилген бул көчөттөрдүн бою деле өспөдү, көчөгө кооздук берип деле жыргаткан жок.

Ош шаарына апкелинүүчү кымбат баа көчөттөр кыргыз коомчулугуна ошол көчөттөрдү эске салып, мындай кымбат баа көчөттөрдүн кереги барбы же жокпу деген суроону жаратары талашсыз.

Декоративдик көчөт тиккен жакшы. Бирок, токой чарбачылыгын караган бүтүндөй бир министрлик иштеп, өзүбүздүн көчөтканаларда жүздөгөн түр көчөттөр турса, чет өлкөдөн көчөт ташып тиккенибиз кандай?

 

 

Болотбек Таштаналиев,
«Кыргыз Туусу» 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар