whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.05.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешДепутат Бишкек көчөсүндөгү жөө өтмөктөрдү алып салууну сунуштады

Депутат Бишкек көчөсүндөгү жөө өтмөктөрдү алып салууну сунуштады

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Чыңгыз Жумалиев борбор калаанын бир көчөсүндөгү жөө өтмөктөрдү алып салууну сунуштады. Бул тууралуу ал Турак жай-коммуналдык чарба жана административдик-аймактык реформа боюнча комиссияларынын жыйынында билдирди.

Жыйында ал Аалы Токомбаев көчөсүндө жол тыгындар көп болуп жатканын айтып, көчөдөгү жөө өтмөктөрдү алып салууну сунуштады.

«Эл мындай болуп калыптыр: биз үйдөн чыкканда эле алдыбызда жөө өтмөк туруш керек экен. Эл баспай калды. Соода борбор салынса, ага жөө өтмөк болуш керек. Түштүк магистралда (Аалы Токомбаев көчөсү — ред.) Алматы көчөсүнөн (7-апрель көчөсү -ред.) Совет көчөсүнө (Байтик Баатырга — ред.) чейин жок дегенде 8 жөө өтмөк турат. Эмнеге эл баспайт?! Ошол жөө өтмөктөрдү алып салалы. Адамдар бир жол чырактан экинчисине чейин басыш керек. Баарыбыз жалкоо болуп калганбыз. Ылдыйыраак 50-100 метр баскысы келбейт. Сөздүн ачыгы ушундай болуп жатат», — деди ал.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар