Башкы беткеМинистрлер кабинетиБаш калаада 5 миңден ашык бош жумуш орду бар

Баш калаада 5 миңден ашык бош жумуш орду бар

Бүгүн, 23-апрелде К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде бош жумуш орундар жарманкеси, “Карьера күнү” жана Ачык эшиктер күнү өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Иш-чарага мамлекеттик, муниципалдык жана жеке сектордон 100гө жакын уюм катышып, өндүрүш, транспорт, тейлөө, каржы жана телекоммуникация тармактары боюнча 5 миңден ашык бош жумуш орун сунушталды.

Министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов мындай жарманкелер жарандарды жумушка орноштурууга көмөктөшүү максатында туруктуу өткөрүлүп жатканын белгиледи. Айтымында, катталган жумушсуздардын саны азайганы менен, чет өлкөдөн кайтып келген мигранттар жана адистигине ылайык жумуш издегендер дагы эле бар.

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө жумушсуздардын саны 104,7 миң адамды түзүп, жумушсуздуктун деңгээли 3,7%ды түзөт.

Иш-чаранын алкагында министрлик менен университеттин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлуп, ал эмгек рыногунда узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталды.

Иш-чаранын негизги максаты — жарандарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана эмгек рыногундагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар