Башкы беткеРубрикаларАйыл чарба“Дан” мамлекеттик ишканасы өндүрүшүн кеңейтүүдө

“Дан” мамлекеттик ишканасы өндүрүшүн кеңейтүүдө

«30+20+10» долбоорунун алкагында Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаменти «Дан» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Учурда ишкана өкмөттүн колдоосу менен модернизациядан өтүп жатат. 2025-жылдын декабрь айында кесме өндүрүшү ишке киргизилген. Ал эми 2026-жылдын экинчи чейрегинде суткасына 150 тонна кубаттуулуктагы тегирменди жаңылоо пландалууда.

1975-жылы негизделген ишкана бүгүнкү күндө 125 адамды жумуш менен камсыздап, өлкөдөгү кайра иштетүү тармагынын өнүгүшүнө салым кошуп келет.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик сатып алууларды жөнөкөйлөтүү, ишкананы заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу жана лаборатория ачуу маселелери талкууланды.

Бул чаралар өндүрүштү кеңейтүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар