Башкы беткеМинистрлер кабинетиА. Касымалиев: “Гидроэнергетикалык потенциалдын дагы 90% колдонууга мүмкүнчүлүк бар”

А. Касымалиев: “Гидроэнергетикалык потенциалдын дагы 90% колдонууга мүмкүнчүлүк бар”

Азыр Кыргызстан гидроэнергетикалык дараметинин 10 пайызын гана колдонууда. Аны 90 пайыз пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Мир” телеканалына берген маегинде билдирди. Ошондой эле төрага маекте өлкөнүн гидроэнергетикалык ресурстарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.

“Өлкө гидроэнергетикалык потенциалынын 10% гана пайдаланылып жатат. Демек, дагы 90% колдонууга мүмкүнчүлүк бар. Буга ресурстар да, мүмкүнчүлүктөр да жетиштүү.

Ошондой эле күн жана шамал электр станцияларын куруу да негизги багыттарыбыздын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө жалпы кубаттуулугу 6000 МВт болгон күн электр станциялары боюнча 10дон ашык келишимге кол коюлду”,-деди Касымалиев.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар