АКШ менен Даниянын Гренландия боюнча келишиминде…

АКШ президенти Дональд Трамп 21-январда сөз кылган Гренландия боюнча мүмкүн болуучу келишимде аралдын үстүнөн Даниянын суверенитети сакталат. Бул тууралуу Axios басылмасы эки булакка таянып жазды.

Маалыматка ылайык, АКШ президентинин НАТО баш катчысы Марк Рютте менен жолугушуусунда иштелип чыккан план 1951-жылдагы Гренландияны коргоо боюнча келишимди жаңылоону камтыйт. Ага ылайык, АКШ Гренландияда аскердик базаларды куруу жана «коргонуу зоналарын» түзүү боюнча кеңейтилген укуктарга ээ болот. Ошондой эле АКШ аралда абадан коргонуу системасынын элементтерин — Трамп буга чейин айткан «Алтын калкан» (Golden Dome) системасын жайгаштырууну караштырууда.

Axios маалымдагандай, келишим долбоорунда АКШ менен Даниянын Гренландиянын табигый ресурстарын биргелешип иштетүү мүмкүнчүлүгү да каралган. Басылма белгилегендей, Марк Рюттенин сунуштары Дания буга чейин эле көтөрүп келген позицияны кайталап жатат: Дания суверенитетти сактайт, ал эми АКШ аскердик катышуусун күчөтөт.

Ал эми The Telegraph басылмасы Трамп сунуштаган келишимде Гренландияны сатып алуу каралбаганын жазды. Анын булактарынын айтымында, АКШ айрым аймактардагы аскердик базаларга суверендүү көзөмөл орнотууну көздөйт.

Ошол эле маалда британдык Daily Mail басылмасы Трамптын администрациясы Гренландия АКШга кошулуу үчүн добуш берсе, ар бир тургунга 1 миллион доллардан төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын маалымдады. Гренландияда болжол менен 57 миң адам жашайт, бул демилге ишке ашса, жалпы төлөм 57 миллиард долларды түзмөк. Басылма бул идея АКШнын аймактагы аскердик катышуусун күчөтүүнүн альтернативалуу жолу катары каралып жатканын жазды.

Даниянын позициясы болсо өзгөрүүсүз бойдон калууда. Копенгаген Гренландияны берүү же сатуу мүмкүнчүлүгүн четке кагып, аралдын макамы боюнча бардык чечимдер Даниянын макулдугу менен гана кабыл алынышы керектигин баса белгилеп келет.

«Бул эч качан болбойт. АКШ Гренландияга ээ болбойт. Бул — кызыл сызык», — деди Даниянын тышкы иштер министри Ларс Лёкке Расмуссен DR телеканалына берген маегинде.

АКШ Гренландияга болгон дооматтарын Трамп Ак үйгө кайра келгенден кийин ачык айта баштаган. Бул риторика 2026-жылдын январында Венесуэлада президент Николас Мадуро кармалгандан кийин күчөгөн. Трамп Гренландия АКШга улуттук коопсуздук үчүн зарыл экенин, Орусия менен Кытайдан келген коркунучтар бар экенин айтып, Дания аралды коргой албайт деп эсептейт.

Бул билдирүүлөрдүн фонунда Европанын сегиз мамлекети Гренландияга аскерлерин жөнөткөн. Буга жооп катары Трамп аларга бажы төлөмдөрүн киргизүү менен коркуткан. 21-январда Давосто өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөгөн сөзүндө Трамп күч колдонбой турганын, бирок АКШ Гренландияны алуу ниетинен баш тартпай турганын билдирген. Кийинчерээк ал 1-февралга пландалган бажы төлөмдөрү киргизилбей турганын да кошумчалаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз