Көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн мектеп-интернаттарга Брайл машинкалары тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында жайгашкан көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатка Брайл системасы боюнча жазууга арналган Perkins Brailler Classic үлгүсүндөгү 10 машинканы тапшырды.

Белгиленгендей, Министрлер Кабинетинин Төрагасы өткөн жылдын сентябрь айында аталган мектеп-интернатка болгон иш сапарынын жүрүшүндө Брайл системасы боюнча окутууну толук кандуу уюштуруу үчүн атайын машинкаларга муктаждык бар экени айтылган.

Бул муктаждыкты эске алуу менен, тиешелүү жабдуулардын 20 даанасын сатып алууга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Резервдик фондунан 3 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Анын ичинен 10 машинка Бишкек шаарындагы мектеп-интернатка, ал эми калган 10 машинка Ош шаарындагы көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатка берилет.

Perkins Brailler Classic машинкалары окуу процессинде маанилүү жана натыйжалуу курал болуп саналат. Алар Брайл ариби аркылуу жазууну системалуу жана ырааттуу үйрөтүүгө шарт түзүп, окуучулардын өз алдынча иштөө жөндөмдөрүн, майда моторикасын жана көңүл топтоо көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт. Ошондой эле бул жабдуулар мугалимдердин окуу процессин уюштуруусун жеңилдетип, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын алкагында мекеменин ишмердүүлүгүнө байланышкан актуалдуу маселелер да талкууланып, билим берүү шарттарын мындан ары жакшыртуу боюнча пикир алмашуу болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз