Кыргызстанда бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Алардын экөөсү өзгөчө мааниге ээ. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Мир” телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жүрүүдө. Долбоор аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ болуп, Чыгыш менен Батышты байланыштырууга шарт түзөт. Темир жол жүк ташууну тездетип, жеткирүү мөөнөтүн болжол менен бир жумага кыскартат. Жалпы баасы 4,7 млрд долларды түзгөн долбоордун 50%ын Кытай каржылайт, ал эми Кыргызстан менен Өзбекстан ар бири 24,5%дан катышат. Узундугу 305 км болуп, 50гө жакын көпүрө жана 29 туннель курулат. Курулуш иштерин 2030-жылга чейин аяктоо пландалууда.
Мындан тышкары, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу дагы ири долбоорлордун катарына кирет. Ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан катышууда. Бул ГЭС аймактагы суу жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт. Долбоор боюнча эл аралык каржы уюмдары менен макулдашуулар түзүлүп, каржылоо булактары аныкталган.

