Жумушка баратам. Автобуста жалаң кыргыздар, анан бир орус бар. Кыргыздын теңи орусча сүйлөп баратат…
Небереси менен отурган эже, жанындагы оруска, түшөм дегендей ишарат кылды.
– Түшөсүзбү? – деди орус айым.
Кыязы орусча билбеген эже го, кыргызча сүйлөгөн оруска кубанып кетти.
– Ооба, ооба айланайын.
– Келиңиз жардамдашып коеюн. Автобустун чыга беришине чейин эженин сумкасын көтөрүшүп келди. Эже аябай сүйүндү рахматын айтып. Бер жактагы мен деле, орустун кыргызча сүйлөгөнүнө кудуңдап кубанып алгам…
Экөөбүз бир аялдамадан түштүк.
– Рахмат, сизге. Ушинтип кыргызча сүйлөп жүрүңүз, – дедим күлө багып.
– Албетте, кайсы өлкөдө жашасаң, ошол өлкөнүн маданиятын сыйлап, тилин сүйлөй билиш керек деди. Аты Евгения экен.
– Бали, бар бол, Евгения дедим…
Анан мен ардандым. Бар балээнин баары өзүбүздө экен. Өз тилибизди өзүбүз сүйлөбөйт экенбиз. Өз өлкөбүздү өзүбүз сыйлабайт экенбиз. Тилди коргоо эмес, колдонуу керек…
Керим Айдаров,
«Кыргыз Туусу»