Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Тажикстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында “Борбор Азия – Орусия” Экинчи саммитинде сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан үчүн Борбор Азия өлкөлөрү жана Орусия ар дайым негизги өнөктөш бойдон кала берерин белгиледи. Анын айтымында, бул формат ар тараптуу өнөктөштүктү жана аймактык кызматташууну тереңдетүү үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Садыр Жапаров учурдагы эл аралык кырдаалды эске алуу менен бул жолугушуу аймактык маселелерди комплекстүү талкуулоо үчүн өз убагында өтүп жатканын айтты.
Президент белгилегендей, акыркы мезгилде Борбор Азия аймагындагы коопсуздук кырдаалы оң нукта өзгөрүүдө. Орусия Борбор Азия мамлекеттери үчүн негизги соода-экономикалык өнөктөш бойдон калууда жана товар жүгүртүү менен инвестициялардын көлөмү боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Садыр Жапаров өлкөлөрдүн экономикасында өсүш динамикасы байкалганын, калктын жашоо деңгээли жогорулап, ички рыноктор кеңейип жатканын кошумчалады. Ал Орусия менен биргелешкен ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү товарлардын тез жана үзгүлтүксүз жылышын камсыз кылып, өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөлүк рынокторго жол ачкан эл аралык транспорттук коридорлордун маанилүү бөлүгүнө айланып баратканын белгиледи. Анын айтуусунда, бул багытта Россиянын Кытай, Иран жана башка мамлекеттер менен байланыштарын бекемдөөгө көмөк көрсөтө турган долбоорлорду ишке киргизүү боюнча биргелешкен ишти күчөтүү зарыл.
Президент жүк ташууларды, сооданы жана эң башкысы, эмгектенип жаткан жарандардын эркин жүрүүсүнө тоскоол болгон чектөөлөрдү жоюу боюнча иштерди улантуу маанилүү экенин белгиледи. Энергетика тармагында болсо Кыргызстанда генерацияны өркүндөтүү, тармакты санариптештирүү жана электр энергиясынын тартыштыгын жоюу багытында ири өзгөрүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Өлкө чакан жана орто ГЭСтерди куруу, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.
Садыр Жапаров Кыргызстанда туризм тармагы тез өнүгүп жатканын айтып, бул экономика өсүшүнө олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи. Азыр тоо лыжа кластерлери түзүлүп, жаңы туристтик объектилер курулуп, иштеп жаткан жайлар модернизацияланууда. Борбор Азиядагы эң ири, жыл бою иштей турган “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа курорту заманбап талаптарга жооп бере турган ири долбоор катары көрсөтүлдү.
Курчап турган чөйрөнү коргоо маселесинде Президент Кыргызстан менен Орусиянын уран калдыктарынан жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү боюнча ийгиликтүү кызматташтыгын мисал келтирди. Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы маданий жана гуманитардык байланыштар элдердин достугун жана өз ара ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн айтты.
Өз сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров Кыргызстан союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү менен достук жана өз ара түшүнүшүү негизиндеги алакаларды өнүктүрүүгө, ошондой эле бул форматтагы активдүү саясий диалогду улантууга даяр экенин баса белгиледи.

