Башкы беткеМаанилүүЭмомали Рахмондун Кыргызстанга болгон сапарында чек ара келишимине кол коюлат

Эмомали Рахмондун Кыргызстанга болгон сапарында чек ара келишимине кол коюлат

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 12-13-мартта Кыргызстанга болгон сапарында  эки тараптуу документтерге, анын ичинде мамлекеттик чек ара боюнча келишимге кол коюлат. 

Эске салсак, 21-февралда Бишкекте кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында келишим түзүлгөн. 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитети макулдашууну жактырган.

Кыргыз-тажик чек ара маселелери көп жылдардан бери талкууланып келген. Рахмондун сапарында бул келишимдин ратификациясы жана башка эки тараптуу кызматташтык маселелери каралат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар