Башкы беткеМаанилүүКыргызстанга Тажикстандын медиа өкүлдөрүнөн турган делегация келди

Кыргызстанга Тажикстандын медиа өкүлдөрүнөн турган делегация келди

Тажикстандын алдыңкы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн турган делегация Кыргызстанга таанышуу сапары менен келди.

Сапар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тарабынан маалыматтык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында уюштурулган.

Бул сапар кесиптик тажрыйба алмашуу гана болбостон, Кыргызстан менен Тажикстандын боордош элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү, ынак коңшулукту жана ишенимди бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Тажик журналисттери Кыргызстандын алдыңкы маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ошондой эле улуттук каада-салттар, этнотуризмдин элементтери, жаратылышы кооз жерлер жана Кыргызстандын меймандос атмосферасы менен таанышууну камтыган маданий программага катышат.

Мындай демилгелер биздин өлкөлөрдүн медиа коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда бекем кесиптик жана адамдык байланыштарды түзүүгө, ошондой эле гуманитардык жана маалыматтык тармактарда өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.

Ушуга окшогон долбоорлор буга чейин Казакстандын жана Өзбекстандын журналисттери менен ишке ашырылган.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар