whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСадыр Жапаров Малайзия Сенатынын төрагасы менен жолугушту

Садыр Жапаров Малайзия Сенатынын төрагасы менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 25-июндагы Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Малайзия Сенатынын төрагасы Аванг Беми Аванг Али Басах жана Малайзия Парламентинин Өкүлдөр палатасынын спикери Джохари бин Абдул менен Куала-Лумпур шаарында жолугушту.

Саламдашуу жана биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин мамлекет башчысы Садыр Жапаров Малайзия Парламентинин ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Сенат төрагасы Малайзияда иштеген мыйзам чыгаруу процедуралары жөнүндө кыскача айтып берди.

Өз кезегинде Малайзия Парламентинин Өкүлдөр палатасынын спикери Джохари бин Абдул президент Садыр Жапаровдун сапары өлкөлөр ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи. Ал ошондой эле парламенттер аралык деңгээлде байланыштарды чыңдоо идеясын колдоду.

Малайзия Сенатынын төрагасы Аванг Беми Аванг Али Басах өлкөлөр ортосунда, айрыкча парламенттик деңгээлде системалуу диалогду өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ал ошондой эле эки өлкөнүн парламенттеринин ортосунда атайын түзүлгөн узак мөөнөттүү кызматташтык программасы жок экенин баса белгилеп, өз ара аракеттенүүнүн жаңы механизмин иштеп чыгууну сунуштады.

Сенаттын төрагасы Малайзия парламенти мыйзам чыгаруу органдарыбыздын ортосунда тажрыйба алмашуу, илимий жана аналитикалык иштер жаатында, ошондой эле саясий диалогдун алкагында, айрыкча тез өзгөрүп жаткан эл аралык кырдаалда кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Мындан тышкары, сенаттын төрагасы Аванг Беми Аванг Али Басах эки парламенттин институционалдык потенциалын, анын ичинде санариптештирүү, парламенттик маалымат базаларын башкаруу, онлайн-трансляциялар жана электрондук добуш берүү маселелеринде жогорулатуу боюнча иштөөнү сунуштады.

Ошондой эле билим берүү, туризм жана айыл чарбаны артыкчылыктуу багыттар катары белгиледи. Ал Кыргызстандын Президентинин бул сапары эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык диалогдун өнүгүшүнө жаңы импульс берет деген үмүтүн билдирип, системалуу жана конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экенин ырастады.

Садыр Жапаров кыргыз тарап Малайзия менен болгон салттуу достук мамилелердин толук өз ара түшүнүшүн, ишенимин жана конструктивдүү кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Ал парламенттер аралык өз ара аракеттенүү саясий диалогду тереңдетүүгө, мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга жана эл аралык маселелерде өз ара түшүнүшүүгө жол ачарын белгиледи.

Мамлекет башчысы эзелтеден бери кыргыз элинде орчундуу маселелерди чечүү үчүн Курултай (элдик жыйын) деген кеңеши болгонун баса белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын Конституциясына ылайык, жарандардын түздөн-түз башкарууга катышуусун камсыз кылуу үчүн “Элдик курултай” деген кеңеш берүүчү орган түзүлгөн.

Президент Кыргызстандын парламентинде Малайзия менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун түзүлгөндүгүн канааттануу менен белгиледи, бул эки өлкөнүн парламенттик деңгээлде байланыштарды бекемдөөгө кызыкдар экендигин айгинелейт. Ушул негиздерди эске алуу менен Садыр Жапаров Кыргызстан менен Малайзиянын парламенттеринин ортосунда үзгүлтүксүз, туруктуу жана ишенимге негизделген кызматташтыкты түзүү мезгили келгенин айтты. Садыр Жапаров Малайзия Парламентинин депутаттарын 2026-жылы өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кезектеги шайлоодо эл аралык байкоочу катары катышууга чакырды.

Мамлекет башчысы бул жолугушуунун жыйынтыгы Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы парламенттер аралык диалогду жана жалпысынан кызматташтыкты мындан ары чыңдоого кошумча дем берерине ишеним билдирди.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Сенаттын төрагасын жана Өкүлдөр палатасынын спикерин Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар