Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдө Ташиевдин жеке салымы чоң болду. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.
«Бүгүн чеке-белибиздин чет аймагына тынчтык орногондугу абдан кубанычтуу окуя болду. Бир апта убакыт өттү, кошуна өлкөбүз Тажикстан менен чек араны тактап, тынчтык келишимин түзүү боюнча келишимге жетише алдык. Эми айта турган бир нерсе, дүйнөдө канча согуш болсо, ошол согуштун 99 пайызы жер маселеси.
Мына, Жакынкы Чыгышты эле айталы, кылымдар бою согуш токтогон жок го. Ошол эле Палестинадагы согуштун себеби да жер талаш. Жер маселесинен улут, мамлекеттер аралык маселелер оорлошуп турат. Мына ушундай кыйын кырдаалда эл арасынан “Мен чечемин” деп чыккан азаматтар болбой койбойт.
Мен азыркы бийликтегилерден кеминде он жаштай улуумун. Ошондуктан менин айткандарым кимдир-бирөөлөрдүн кулагына же бутуна кебез төшөп, жасакерленип, жагалданган сөз эмес, болгону боло турган көйгөйдү көргөзө айткым келет. “Беш жылдык мыкты согушка караганда, беш мүнөттүк тынчтык керек”,- дейт. Демек, бизге элдин тынчтыгынан өткөн эч нерсе жок. Мына ошол маселе абдан көйгөйлүү. Айта турган, баса белгилей турган бир жагдай, президенттин тапшырмасын, өкмөттүн токтомун, мыйзамды аткаруунун үлгүсүн, кандай аткарыш керектигин генерал Камчыбек Ташиев көргөздү.
Анын жеке тартиби, саясий маданиятуулугу, айта турган маселени, чек араны иретке келтире турган укуктук актыларды терең түшүнгөндүгү, башка географиялык аймактарды жакшы өздөштүргөндүгү көзгө илинди. Мындан тышкары, кошуна мамлекеттин өкүлдөрү менен тең ата болуп сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билгендигин белгилесек болот, өзүн тобокелдикке салган учурлар да болду. Генералыбыз өзүнүн баркынан кыргыздын наркын бийик тутуп, элибизди сүйүндүрүп, кубанткан, ийгилигине ити да сүйүнгөн жакшы бир жышаанды алып келди»,— деди ал.