whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
31.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыНАТО коргонуу чыгымдарын көтөрүүнү көздөөдө

НАТО коргонуу чыгымдарын көтөрүүнү көздөөдө

АКШ президенти Дональд Трамп Гаагада өтүп жаткан НАТО саммитинде альянска мүчө өлкөлөр коргонууга бөлгөн чыгымдарын ИДПнын 5% деңгээлине чейин көтөрсө, НАТО «өтө күчтүү» болорун билдирди.

Ал ошондой эле журналисттердин 5-беренеге (бир өлкөгө кол салуу жалпы альянска кол салуу катары кабыл алынат)  байланыштуу суроосуна: “Мен өнөктөштөр менен толугу менен биргемин”, — деп жооп берди.

НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте чыгымдарды көбөйтүү милдети негизинен Европа өлкөлөрү менен Канаданын мойнунда болорун белгилеп, өнөктөштөр муну колдоого даяр экенин билдирди. Финляндия президенти Александр Стубб бул процессти “жаңы НАТОнун жаралышы” деп сыпаттады.

Финляндия, Польша жана Балтика өлкөлөрү чыгымдардын көбөйүшүн Орусиядан жаралган коркунуч менен түшүндүрүштү.

Трамп менен Зеленский жолугушу мүмкүн

Саммит алдында Трамп журналисттерге Владимир Зеленский менен жолугушары мүмкүн экенин, «ал жакшы жигит» экенин айтты. Ошондой эле, Путин менен сүйлөшүүсү тууралуу: “Ал Иран боюнча жардамын сунуштады. Мен ага бизге Орусия боюнча жардам керек дедим”, — деп билдирди.

Бир нече маалымат каражаттары Зеленскийдин кеңсесине таянып, жолугушуу шаршембиге пландалып жатканын кабарлашты. Буга чейин “Чоң жети” саммитинде да жолугушуу пландалган, бирок Трамп ал иш-чарадан эрте чыгып кеткен.

Зеленский Гаагадагы сапарында НАТО башкы катчысы Марк Рютте жана Нидерланддын премьер-министри Дик Схофф менен жолугушту.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар