Иран бийлиги аялдар үчүн хиджаб кийүү боюнча мажбурдуу талапты расмий түрдө жокко чыгарды. Эми баш кийимсиз жүргөндөргө айып пул же башка жаза чаралары колдонулбайт. Бул тууралуу Ирандын Максаттуулукту баалоо кеңешинин мүчөсү Мохаммадреза Бахонар KhabarOnline агенттигине билдирген.
Анын айтымында, хиджаб жөнүндөгү мыйзам аткарууга жатпай калды, ал эми “ахлак полициясы” аялдарды мурдагы эрежелер үчүн жоопкерчиликке тарта албайт.
«Иранда мындан ары хиджаб кийүү юридикалык милдет эмес жана бул үчүн эч кандай жаза каралбайт. Эгерде маселе жаралса, полицияга да ушул тууралуу айтыңыздар», — деди Бахонар журналисттерге.
Ал ошондой эле ар бир мамлекеттин өзүнө жараша маданий нормалары бар экенин белгилеп, бул чечимди урматтоого чакырды. Ошол эле маалда өлкөдө хиджабтын мажбурдуу болушун жактаган топтор парламент имаратынын алдында митингдерди улантып жатышат.
Эске салсак, 2024-жылы иран бийлиги Тегеранда “хиджаб кийүүдөн баш тарткан аялдарга психологиялык жардам берүүчү” клиника ачуу планын жарыялаган болчу. Бирок жаңы чечим менен хиджаб кийүү ыктыярдуу мүнөзгө өттү.

