Германиянын Федеральдык картелдик ведомствосу (Bundeskartellamt) кытайлык Temu платформасынын рыноктогу бааларга тийгизген таасирин иликтөө боюнча расмий тергөө ишин баштады.
Ведомствонун билдирүүсүндө, иликтөө учурунда Temu үчүнчү тараптагы сатуучулардын баасын көзөмөлдөп же чектеп жатабы деген суроого жооп издешет. Расследование Whaleco Technology Limited компаниясына каршы жүргүзүлүүдө — ал Ирландиянын Дублин шаарында катталган жана Германияда Temu аталышы менен иш алып барат.
Федералдык агенттиктин жетекчиси Андреас Мундт мындай деди:«Биз Temu сатуучулар үчүн баа коюуда адилетсиз шарттарды түзүп жаткан жокпу деген күмөн саноону иликтеп жатабыз. Мындай аракеттер атаандаштыкты чектеп, башка соода каналдарында баанын өсүшүнө алып келиши мүмкүн».
Анын айтымында, Temu Германияда бир жылга жакын иштеп келе жатат. Учурда өлкөдө платформанын 19,3 миллион активдүү колдонуучусу бар, ал эми Европада ай сайын 100 миллионго жакын адам Temu кызматын пайдаланат.

