Президент Садыр Жапаров «Манас» эл аралык аэропортунда жүрүп жаткан реконструкция жана кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Мамлекет башчысына «Кыргызстандын эл аралык аэропорттору» ААКнын төрагасы Манас Самидинов аэропортту жаңылоо пландары тууралуу маалымат берди. Президент жаңы атайын техника жана учуп-конуу тилкесиндеги оңдоо иштерин да көрүп чыкты.
Садыр Жапаров өз сөзүндө аэропорт – өлкөнүн эл аралык кадыр-баркы жана “Кыргызстанга келген ар бир меймандын алгачкы таасири ушул жерден башталат” деп белгиледи. Ал Кыргызстанды чөлкөмдүк авиациялык борборго айлантуу максаты ишке ашса, өлкө Борбор Азиядагы эң өнүккөн авиациялык хабдардын бирине айларын айтты.
Учурда «Манас» аэропортунда учуп-конуу тилкеси, рулеждик жолдор, жарыктандыруу жана аэробекет комплекси жаңыртылууда. Иштер бүткөндөн кийин аэропорт Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) III категориясына жооп берет.
Акыркы эки жылда авиация тармагына 8 млрд сомдон ашык каражат жумшалды, анын ичинде 3,3 млрд сомго заманбап техника сатып алынды. «Asman Airlines» үч Bombardier Dash-8 Q400 учагын алды жана жакында дагы эки орто аралыктагы учак сатып алууну пландаштырууда.
Президент бул кадамдар улуттук авиациянын жаңы доорун баштап, эл аралык деңгээлге чыгуусуна шарт түзүп жатканын белгиледи. Ошондой эле “Ош”, “Нарын”, “Талас”, “Казарман”, “Каракол” жана “Ысык-Көл” аэропортторунда да ири иштер жүрүп жатканын кошумчалады.
Садыр Жапаров “Жалал-Абад” эл аралык аэропорту жана “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу, “Кашгар” аба коридору өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтерин белгилеп, авиация кызматкерлерине ыраазычылык билдирди жана Жарандык авиация күнү менен куттуктады.

