Учурда илим тармагынын абалы кыйла оор, илим эле эмес билим берүү жаатындагы көйгөйлөр өзүнүн апогейине жеткенин жалпы коомчулук да көрүп турат. Мурунку Совет доорундагыдай илим тармагынын кызматкерлери жогорку сыйдын, жооптуу кызматтын, эселеген эмгек акынын ээси болбой калганы да ачуу чындык.
Негизи илимий кызматкерди биз базалык билими толук, кесиптик билими терең, адистик тажрыйбага бай, башкалардан өзүнүн илимий изилдөөгө дилгир жөндүмү менен айырмаланган инсан деп түшүнөбүз.
Доор алмашкандагы жалпы жана кесиптик билим берүүнүн деңгээлинин төмөндөөсү, эмгек акынын ылдый кулашы, илимий заказдардын токтошу бул тармактын иштешин эмес жөн эле сакталышын араң зорго камсыздады десек жаңылышпайбыз.
Илимий кызматкерлер үй-бүлөсүн багуу максатында илимий мекемеден тышкары кошумча иштерге массалык тартылганы да чындык – алар жогорку окуу жайларында сабак беришет, илимий кадрларды даярдашат, донорлук уюмдардагы долбоорлорго катышышат, чакан жана орто бизнес менен алектенишет… Илимпоздорго эч кандай доомат коюу мүмкүн эмес, анткени алардын билимдик, кесипкөйлүк деңгээлдери жогору, ошол деңгээлди негизги кызмат ордунда колдонууга шарт жок, ошол эле учурда убактылары өтө кенен.
Учурда өлкөбүздө 70тен ашуун илимий мекеме расмий катталган болсо, алардын 18и Улуттук академиянын курамына кирет, 20 чактысы тармактык болуп эсептелинет (негизинен медицина, айыл чарба жана энергетика тармактарында), калганы жогорку окуу жайларында түзүлгөн.
Аталган илимий мекемелердин жарымына жакыны мамлекеттик бюджет тарабынан каржыланат, калгандары долбоорлорду жазып, гранттарды издеп, ошондой эле жогорку окуу жайлардын өздүк каржылоосу менен аракеттенип келишет. Алардын жалпы окшоштугу – бардыгы өз казандарында өздөрү кайнап, өз иш-чара пландарын өздөрү түзүшүп, өз отчетторун өздөрү бекитишип, илимий макалаларын жазышып, конференцияларын уюштуруп күн өткөрүшөт.
Ток этерин айтканда, илимий мекемелерде натыйжасы өтө чамалуу иш-аракеттер өз нугунда уланып келет, албетте, ал эми өлкөбүздүн ар түрдүү тармактарындагы/аймактарындагы реалдуу жашоо-тиричилик болсо параллель аккан дайра сымал илимге эч байланышы жок эле өз нугу менен өтүп жаткандай элес калтырат.
Илим салымы
Илим тармагындагы жогоруда айтылган оор акыбалды чечүү максатында 2023-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө илимдин салымын жогорулатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө» жарлыгы чыккан. Ага ылайык Улуттук илимдер академиянын курамындагы А.Алышбаев атындагы Экономика институту “М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университети” илимий изилдөө университетинин (мындан ары – КЭУ) курамына, ал эми Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институту Ош мамлекеттик университетинин курамына өтүп, Улуттук илимдер академиясынын 11 институту менен 5 ири жогорку окуу жайларын интеграциялоо маселеси чечилген эле.
Ошону менен катар Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар кеңешинин (мындан ары – Илим кеңеши) мүчөлөрүнөн жана Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлеринен турган жумушчу топ жыл сайын ар бир илимий мекеменин иш-аракеттерин текшерип, өлкөбүздүн илим тармагынын структурасын оптималдаштыруу боюнча сунуштарын даярдоо тапшырмасын алган болчу. Бул иш-чаралардын түпкү максаты ар бир илимий мекеме өз багытында терең илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, ошол тармактардагы/аймактардагы көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн жолдорун таап чыгуусу керек эле. Албетте, тармактарды жана аймактарды өнүктүрүү менен катар илимдин өнүгүүсүнө салым кошуу да колго алынаары турган иш, анткени көптөгөн фундаменталдык илимдер таман астында олуттуу натыйжа бербесе да илимдин тиешелүү багытында кандайдыр бир ачылыштарды/жаңылыктарды жасаса мамлекетибиз андай окумуштууну же илимий топту сөзсүз түрдө ар тараптуу колдоого алуусу зарыл.
Илим тармагындагы реформалар комплекстүү болуш үчүн акыркы мезгилде бир нече ченемдик-укуктук актылар кабыл алынды, алардын сап башында, албетте, 2023-жылдын 8-августунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Илим жөнүндө»
№ 170 мыйзамы турат.
Ошону менен катар эле илим тармагынын каржылоосу жыл сайын өсүүдө, маселен Улуттук илимдер академиясын мамлекет тарабынан каржылоо үстүбүздөгү жылы өткөн жылга салыштырмалуу 9%га өстү.
Баса белгилеп кетүүчү жагдай, өткөн жылы Улуттук илимдер академиясынын имараттарын оңдоо максатында 500 млн. сом каражат мамлекеттин бюджетинен бөлүнгөн эле. Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып жалпы илим тармагынын кызматкерлеринин эмгек маянасы 2 эсе өскөнүнө күбө болуудабыз.
Акыркы жылдары мамлекетибиз илим тармагына өзгөчө камкордук көрүү менен бирге эле бир нече жооптуу милдеттерди артты – мурункудай жумушка илең-салаң, анда-санда келип, дагы деле 3-4 жерден кошумча каражат издеп, илим багытында ири жетишкендиктерди көздөбөгөн илимий кызматкерлерге/мекемелерге кескин эскертүүлөр берилди. Ушул жерден кошумчалай кетпесек болбос – дүйнөлүк практикада илимий изилдөөлөргө жумшалган каражаттын кайтарымы өтө жогору – бул тармакка жумшалган каражат 15 эсеге чейин пайда алып келээри анык.
Акыйкаттык үчүн дагы бир жагдайды айтып коюш абзел – Экономика институту КЭУга өткөндө колун шилтеп басып кетишкен төрт илимпоз—экономисттер (алардын ичинде бирөөсү академик, экөөсү мүчө—корреспондент) кайрадан эле Улуттук илимдер академиясынын экономикага эч тиешеси жок Мамлекет жана укук институтунда иштеп жатышат.
Тармактагы жаңы түзүлгөн жагдайга (мамлекеттик саясатка) чыдабай, мурункудай эле эч нерсеге жооп бербей конференциялап, дүйнө кезип саякаттап жүрүүнү эңсеген кээ бир илимий чөйрөнүн эргулдары өлкөбүздүн илим тармагындагы реформаларга каршы ойлорун байма-бай бийлик структураларына, социалдык түйүндөргө жазгандарына күбө болуудабыз. Элибиздин «Саргая жортсоң, кызара бөртөсүң» деген накыл кебин бул илимдеги чөп башылар түшүнүшпөйт окшойт. Илимий изилдөө деген биринчи кезекте көшөргөн акыл эмгеги экенин, анын пайдасын же тармак, же регион, же илим көрүшү керек экендигин эсибизден чыгарбашыбыз абзел.
Экономика илимий изилдөө институту
Жогоруда учкай айтылган ой-санаалардын себепчисине айланган мамлекеттик илимий мекеменин бири ушул Экономика институту. Анда эмесе, баары болбосо да анча-мынча маселелер боюнча ачуу чындыкты баяндап, кээ бир божомолдорго чекит койгонго аракет кылайын.
Адегенде 2023-жылдын башында удаа чыккан жарлыкка да, токтомго да баш ийбей Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун ошондогу жетекчилиги мамлекеттик ыйгарым укуктуу органды сотко берип, оң-тетири арызданышып күзгө барып араң тынчыды. Ага чейин институтта директор менен катчы эле иште калып, калгандары ар түрдүү себептер менен же жумуштан таптакыр бошонушуп, же отпускага кетишип, айтор бош калган институтка мени 9-октябрь күнү директор кылып дайындашты. Мен ага чейин Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий изилдөө институтунун директорлук кызматында эмгектенип жаткан элем.
Ошентип, кызматкерлери дээрлик жок институтка келсем, жалпы 39 штаттык бирдиги бар институтта 5 бөлүм катталыптыр – дисциплиналар аралык теоретикалык-методологиялык изилдөөлөр, өнүгүп келе жаткан экономиканын теориялык негиздери ж.б. аталыштагы. Ал эми 2021-2025-жылдарга бекитилген изилдөөлөрдүн жалпы аталышы «Кыргыз Республикасынын кризистен кийинки экономикасы: көйгөйлөр жана перспективалар» экен.
Аңгыча жайкы талаш-тартыш баш ийбөөчүлүк маалында Министрлер Кабинети, Каржы министрлиги, Улуттук коопсуздук мамкомитети тарабынан биргелешкен комиссия келип өткөн жылдардагы көптөгөн мыйзам бузууларды, алардын ичинде миллиондогон сомдук каржы мыйзам бузууларын расмий аныктаганы маалым болду. Институтка айлап-жылдап бир басып келбестен анда-санда макала/китеп жаза коюп айлык маяна алгандар аз эмес экендигин ошол тармактар аралык комиссия тастыктады.
Ушундай жөнөкөй эмес жагдайда илимий мекемени кайра түптөөгө мажбур болдук – биринчиден, мурунку иштеген кызматкерлердин айрымдарын жумушка кайтарып алдык, экинчиден, тажрыйбалуу адистерди сырттан тартып келдик, үчүнчүдөн, институттун материалдык-техникалык базасы дээрлик жокко эсе абалга жеткен экен (эмеректер элүү жылдык, көбү сынган, 6 кызматкерге бирден компьютер…), биз жардам иретинде Кыргыз экономикалык университетинен мурда иштетилген 5 компьютер, Каржы министрлигинен мурда иштетилген 62 эмерек жана 51 даана компьютер жабдыктарын сурап алдык.
Бир айдын ичинде жогорудагы иштерди аткарып, ошол 2023-жылдын декабрь айында улуттук экономиканын олуттуу маселелерин тез иликтеп, өз сунуштарыбызды кошуп жылдык илимий отчетубузду бүтүрүп, Министрлер Кабинетин баш кылып, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарга жана Кыргыз экономикалык университетине расмий түрдө 20 адресатка жөнөтүп 2023-жылды жыйынтыктаганбыз.
Өткөн 2024-жылдын июль айынан баштап биздин институт жайланышкан Улуттук илимдер академиясынын имараты капиталдык оңдоого жабылган соң Экономика жана коммерция министрлигинин уруксаты менен Кыргызстандарттын актовый залына убактылуу көчүп барып, иштин өз нугунда уланышына шарт түздүк. Натыйжада жогоруда аталган министрлик менен 1 млн. 330 миң сомдук чарба келишимин түзүп, «Кыргызстан экономикасынын кылымдык өнүгүүсү» аттуу иллюстрациялуу тарыхый очерк-тер жыйнагын жазып бүттүк. Бул китеп 1924-жылы Кара-Кыргыз автономия-лык республикасы түзүлгөндөн тартып бүгүнкү күнгө чейинки улуттук экономиканын түптөлүшү, өнүгүшү тууралуу маалыматтарды толук камтыган биринчи басылма болуп калды. Экономика тармагындагы орчундуу окуялар менен бирге бул китепте ар бир тарыхый учурдагы экономикалык кызматтын иш-аракеттери, эмгеги менен тарыхта калган жетекчилер, адистер, илимий кызматкерлер чагылдырылды.
Чүй облусунун жетекчилиги биздин институттун демилгесин колдоп 2024-жылдын 25-мартында № 102 атайын буйрук чыгарып, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүү программаларын пилоттук түрдө иштеп чыгуу максатын бекитип, ага чейин биздин институтка Байтик айыл аймагы менен 297 миң сомдук келишимди түзүп изилдөө иштерин баштоого шарт түзүп берди.
Илим тармагынын бир жагын биз чоебуз деп “эски дымагын эсинен чыгара албай” курамында 1453 адамды каттаган Улуттук илимдер академиясы “өз көмөчүнө тынбай күл тартмай” менен убара. Негизги мыйзамга фундаменталдык жана колдонмо илимди координациялайт деген норманын кирип калганын беттерине кармап, бирок 4 жылдын жүзү болсо да бул функцияны аткара турган кызматты түзө алышкан жок.
Бүгүнкү күндө Ош мамлекеттик университети менен биргеликте Ош облусунун бир районунун, Кыргыз улуттук университети менен биргеликте Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программаларын түзүү боюнча уюштуруу-даярдоо иштери жүрүп жатат.
Алыскы Баткен облусунун жана Талас облусунун өнүгүү программаларын иштеп чыгуу да жергиликтүү мамлекеттик университеттердин катышуусу менен ишке ашмакчы. Учурда каржы булактарын мамлекеттик бюджет жана жергиликтүү ири стратегиялык ишканалардын эсебинен чечүү маселелери каралууда.
Чакан облустардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын «бүкүлү» жазуу менен катар ири облустардын өнүгүү программаларын ар бир райондун деңгээлинде өз-өзүнчө иштеп чыгууну туура көрүүдөбүз.
Өлкөбүздө 231 айыл аймактары бар экенин эске алуу менен биз жакынкы күндөрү Байтик айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыккан соң Министрлер Кабинетине демилге менен чыкканы жатабыз – ушул программаны «типтүү-үлгү» деп таанып, бардык айыл аймактарына буйрукка тиркеп түшүрүп, өздөрүнүн программаларын өз күчтөрү менен иштеп чыгышсын деп. Эң негизги максат – ошол ар бир айыл аймагында кандай ресурстар/резервдер (адам, техника, жер, кен, мал, суу, …) бар экендигин тактап, изилдеп, аларды качан, кантип натыйжалуу колдонуунун мерчемин иштеп чыгуу экендиги талашсыз.
Биздин институт мындан башка да айрым шаарлардагы көйгөйлүү маселелерди (экология, ыш, транспорттук тыгындар сыяктуу) чечүүнүн жолдорун изилдөө
боюнча чарбалык келишимдерди түзүүнүн үстүндө, айрым стратегиялык энергетикалык долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздөөлөрүн иштеп чыгуу багытында, өнөр жай өндүрүшүнүн стратегиялык планын түзүү боюнча тиешелүү мамлекеттик, муниципалдык мекемелер, ошондой эле тышкы партнерлор менен уюштуруу-даярдоо иштерин жүргүзүүдө.
КЭУнун магистратура, аспирантура, докторантура боюнча бай тажрыйбасынын негизинде Кыргыз-Россия славян университети менен биргеликте экономикалык илимдердин 2 адистиги боюнча диссертациялык кеңеш ишке киришип илимдин кандидаттарын жана докторлорун чыгара баштадык. Улуттук экономиканын ири көйгөйлүү маселелерин чечүүдө илимий иштерди үзгүлтүксүз режимде тандоо жана талдоо иш-аракеттери институттун кызматкерлеринин илимий деңгээлин тынбай жогорулатат деген ишеничтебиз. Институттун изилдөөлөрү менен КЭУнун илимий даражага талапкерлеринин диссертациялык темаларын шайкеш келтирип, ошону менен катар студенттерди илимий изилдөө процесстерине жана өндүрүштүк практикага тартууга жол ачылды.
Эми гана толук кандуу иштей баштаган илимий мекемени кайрадан Улуттук илимдер академиянын курамына кайтарабыз деген кээ бир мурунку кызматкерлердин аракеттерине жооп иретинде тек кана институттун Улуттук илимдер академиясынын курамындагы жана КЭУга караштуу статусту алып, өз алдынчалыкка ээ болгондогу жасаган иштерин салыштыргыла демекчибиз.
Акыйкаттык үчүн дагы бир жагдайды айтып коюш абзел – Экономика институту КЭУга өткөндө колун шилтеп басып кетишкен төрт илимпоз-экономисттер (алардын ичинде бирөөсү академик, экөөсү мүчө-корреспондент) кайрадан эле Улуттук илимдер академиясынын экономикага эч тиешеси жок Мамлекет жана укук инс-
титутунда иштеп жатышат. Бул жогорку даражалуу окумуштуулардын айрымдарынын өткөн отчеттук жылда улуттук экономиканын кайсы орчундуу көйгөйлөрүн чечишкени бүдөмүк болсо да Экономика институтун кайтарып алабыз деген дымактары улам күчөп мамлекеттик мекемелерге, социалдык түйүндөргө байма-бай арыз жазышып кулактын кужурун алып жатышкандыктары анык. Түзүлгөн жагдай жаңы комиссия түзүлүп, мурунку биргелешкен тармактар аралык комиссиянын каржылык мыйзам бузууларды каттаган жыйынтыгын кайрадан жандандырууга негиз боло алат деген
ойдобуз.
Аңгыча жайкы талаш-тартыш баш ийбөөчүлүк маалында Министрлер Кабинети, Каржы министрлиги, Улуттук коопсуздук мамкомитети тарабынан биргелешкен комиссия келип өткөн жылдардагы көптөгөн мыйзам бузууларды, алардын ичинде миллиондогон сомдук каржы мыйзам бузууларын расмий аныктаганы маалым болду.
Жыйынтыктап айтканда, Экономика илимий изилдөө институтунун негизги вазийпасы бул улуттук экономиканы илимий тейлөө болгон соң, биз биринчи кезекте мамлекеттик, муниципалдык жана жеке жактардын көйгөйлүү маселелерин алардын каражатына тыкыр изилдеп беришибиз зарыл деп эсептейбиз. Ошол «тирүү» изилдөөлөрдүн негизинде илимий макалалар, китептер, диссертациялар пайда болоору анык.
Илим тармагынын мамлекеттик саясаты
Ушул маанилүү маселеде мүчү-лүштүктөр арбын экенин баарыбыз эле көрүп-билип турабыз. Айрым илимпоздордун күнүмдүк жашоонун чоң-кичине көйгөйлөрүнөн алыс туруп алып эле өзүнчө «акылдуу» боло бергенинен деле тажагандай болдук го. Ошондуктан канткенде өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө ата-мекендик илимдин салымын кескин жогорулата алабыз деген маселени чечишибиз зарыл.
Коомчулукта илим жана кесиптик билим берүү маселелерин жалпы билим берүү системасынан бөлүп, ушул эки блокко эки ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекемени/министрликти натыйжалуу иштетиш керек деген ой ачык айтылып, кийин басаңдап калгандай болду.
Ушул маселелер боюнча 5 жыл мурун илим тармагын тейлеген министрдин орун басары, илим департаментинин директору кызматын аркалаган мамлекеттик кызматкер катары өз оюмду кыскача билдире кетейин.
Илим департаментинде 11 штаттык бирдик бар эле, болгондо да департаменттин директору министрдин орун басары статусуна ээ эле, башкача айтканда, илим тармагын колунда печаты, фирмалык бланкасы, өз алдынча аракеттенүүгө расмий укугу бар мамлекеттик кызматкер башкарган.
Ошол жылдары илим департаментинин демилгеси менен ар бир мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде илимий-техникалык кеңештер (НТС – научно-технические советы) расмий түзүлүп, жыл жыйынтыгы менен менчик формаларына карабастан ар бир илимий мекемелер сөзсүз түрдө рейтингдөөгө, ал эми жеке окумуштуулар тапшырган маалыматтарынын негизинде өз ыктыярына жараша рейтингдөөгө дуушар болушуп, маалыматтар министрликтин расмий сайтына илинчи эле. Кийинки жылдары илим департаменти жоюлуп ордуна министр-ликтин курамында өз алдынчалыгын жоготкон илим башкармалыгы түзүлүп, кесиптик билим берүүнү тейлеген министрдин орун басарынын карамагына өтүп, иш бир топ солгундады. Ошону менен илимий мекемелерди/жеке окумуштууларды жыл маалында аткарган изилдөө иштерине жараша рейтингдөө таптакыр токтоп, Илим башкармалыгы күнүмдүк корреспонденцияларга жооп камдоо менен, утурумдук пайда болгон уюштуруу маселелерин чечүү менен алектенген «өрт өчүргүч» структурага айланганга мажбур болду.
Ошентип, 119 штаттык бирдиги бар Билим берүү жана илим министрлигинде илим тармагын болгону 7 штаттык бирдикке ээ илим башкармалыгы тейлеп калды.
Илим тармагынын бир жагын биз чоебуз деп “эски дымагын эсинен чыгара албай” курамында 1453 адамды каттаган Улуттук илимдер академиясы “өз көмөчүнө тынбай күл тартмай” менен убара. Негизги мыйзамга фундаменталдык жана колдонмо илимди координациялайт деген норманын кирип калганын беттерине кармап, бирок 4 жылдын жүзү болсо да бул функцияны аткара турган кызматты түзө алышкан жок.
Илим тармагынын мамлекеттик саясатынын бир капталынан Илим кеңешинин бир нече жылдан берки чечимдерин аткаргандын үстүндө министрлик менен эриш-аркак иштеше албай Улуттук аттестациялоо комиссиясы өз алдынча аракеттенүүдө. Негизинен ушундай эле форматта биз деле Министрлер Кабинетине түз баш иебиз деген маанайда Кыргызпатент илим тармагынын дагы бир бучкагын чоюуда.
Түзүлгөн жагдай кадимки Крыловдун «Ак куу, чаян, чортон балык” тамсилиндегидей илим тармагынын саясатын аталган 4 структура 4 жакка чоюуда, жыйынтыгында «а воз и ныне там» дегендей акыбал…
Эгерде Кесиптик билим берүү, илим жана инновациялар министрлиги түзүлсө илим тармагын министрдин бир орун басары 1 башкармалыктын, 2-3 бөлүмдүн күчү менен тыкан башкарып, бул тармактагы ченемдик укуктук актыларды, директивдүү документтерди теске салмак, башкача айтканда, илим жаатындагы бирдиктүү тармактык мамлекеттик саясатты толук кандуу иштеп да чыкмак, ишке да ашырмак.
Жыйынтык
Илимий изилдөө дегенде биз өтө жогорку интеллектуалдык деңгээлде аткарылуучу эмгекти, акыл ишин түшүнөбүз, анын негизинде мыйзамда белгиленген илимий жана илимий техникалык продукция пайда болуусу шарт жана бул продукциянын пайдасы сөзсүз түрдө кайсы бир тармактарга, аймактарга же түздөн түз илимге
тийиши зарыл.
Расмий катталган 70тен ашуун илимий мекемелердин ар бири өлкө башчыбыздын жарлыгына ылайык мамлекетибиздин туруктуу өнүгүүсүнө татыктуу салымын кошуулары керек. Ал эми илим тармагынын структурасын оптималдаштыруу, илимге багышталган салык төлөөчүлөрдүн ар бир сомунун кайтарымын жогорулатуу жоопкерчилигин ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме (тиешелүү министрлик) мойнуна алып, толук түрдө ишке ашырууга милдеттүү.
Батыркул БАЕТОВ,
КЭУга караштуу Экономика илимий изилдөө институтунун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор