Башкы беткеМаанилүүКыргызстанда жыл аягына чейин дагы 9 соода-логистикалык борбор курулат

Кыргызстанда жыл аягына чейин дагы 9 соода-логистикалык борбор курулат

Кыргызстанда азыркы тапта 34 соода-логистикалык борбор иштеп жатат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, кошумча 9 борбордун курулушу 2025-жылга пландалган.

Анын ичинен бешөө колдонууга берилген, калган төртөө жыл аягына чейин бүткөрүлөт.

Министрлик билдиргендей, мындай борборлор экспорттук жана импорттук агымдарды башкарууга, айыл чарба продукцияларын сактоо жана бөлүштүрүүгө жардам берет. Ошондой эле долбоорлор жайгашкан жерди тандоо, бизнес-модель түзүү, инфраструктураны пландаштыруу жана курулуш уруксаттарын алуу сыяктуу бир нече этаптардан өтөт.

Жаңы соода-логистикалык борборлор өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана продукцияны рынокко жеткирүүнү жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар