whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешКыргызстанда жаңы шаар пайда болду

Кыргызстанда жаңы шаар пайда болду

Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы жыйынында “Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзамды кабыл алды.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кудайберген Базарбаевдин айтымында, Гүлчө Алай районунун административдик, маданий жана экономикалык борбору болуп саналат. Калкы 10 миңден ашкан конуш катары шаар статусуна ылайык келет.

Президент Садыр Жапаров 12-сентябрда Алымбек датканын 225 жылдыгында Гүлчө айылына шаар макамын берүү тапшырмасын жарыялаган.

Мыйзам кабыл алынса, райондук мекемелерди кайра каттоого болжол менен 3 млн сом талап кылынат.

Депутаттар долбоорду кечиктирилгис чара катары карап, үч окууда бир добуштан колдошту.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар