whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.06.2025
34.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстан – дүйнөлүк демилгелердин ээси, кыргыз жери – акыл-ойдун чордону болуусу кажет

Кыргызстан – дүйнөлүк демилгелердин ээси, кыргыз жери – акыл-ойдун чордону болуусу кажет

Жакшы кеп козголду. Тагыраагы, Президент Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоого жана өлкөбүздүн эл аралык аброюн көтөрүүгө багытталган көп багыттуу, прагматикалык жана жигердүү тышкы саясатына шайкеш бир изги идея талкуулана баштады.

Интеллектуалдардын шеринеси

Эл-журттун пикирин байкап, акыл калчап жатышкан окшобойбу, азырынча расмий маалымат чыга элек. “Ынтымак Ордо” айрым коомдук ишмерлерге жана акылгөй адамдарга кеңешсе керек, айтор, 2026-жылы Кыргызстанда дүйнөлүк интеллектуалдардын эл аралык шеринесин өткөрүү демилгеси козголгон шекилди. Ысык-Көл шеринесине эмдиги жылы 40 жыл толот экен. Маселенин өзөгү анда деле эмес окшойт, сыягы. Бирок Чыңгыз Айтматов башында турган Ысык-Көл шеринеси дүйнөлүк масштабдагы чоң окуя болгону ырас. Ошол сыяктуу, бирок жаңы форматта жана тематикада учурчактын акылгөйлөрү кереге кеңеш куруп, акыл калчаган жолугушуу өткөрсө ажеп эмес. Кыргызстан дүйнөлүк проблемаларды чечүүнү талкуулаган эл аралык форумдун автору болсо жарашпайбы. Албетте, куп келет, арийне ага татыш керек, умтулушубуз зарыл, аракетти талап кылат. Эсил кайран Айтматов жок эми, ким өткөрмөк эле деген декаденс шылтоо дем бербейт, элди алдыга сүрөбөйт. Азыркы кыргыз бийлигинин дарамети бийик, жигери артык, кыргыз коомунун интеллектуалдык казынасы мол.

Интеллектуалдардын бүткүл дүйнөлүк жаңы шеринеси – реалдуулук жана муктаждык. Туура, чыгаан окумуштуулардын, аалам тагдырын аныктайм деген саясатчылардын, үлкөн бизнесмендердин, таанымал, таасирдүү адамдардын Рим клубу, Давос экономикалык форуму, Валдай форуму, Бильдерберг тобу сыяктуу институтташкан шеринелери, ачык же жабык клубдары, мамлекеттер же мамлекеттер тобу уюштурган туруктуу форумдар бар. Андан тышкары адистешкен илимий мекемелер арбын, эч бир уюмга бирикпеген акылгөйлөр, окумуштуулар, таасирдүү саясатчылар да арбын. Алардын баары тигил же бул деңгээлде жана масштабда ар кайсы проблеманы козгоп, аларды чечүү жолдорун сунуштап келет. Рим клубу өз ишинин бир нече жылдык тажрыйбасынын натыйжасында калың эл тургай, илимий коомчулук да адамзат туш болгон коркунучтарды бирдей баалоого жана түшүнүүгө кудуретсиз, бири бирин түшүнүүгө жараксыз экенин мойнуна алган. Окумуштуулардын кайрылууларына кулак төшөгөн дүйнөлүк лидерлер сейрек экени да жалган эмес. Процессти түшүнүүнүн, проблеманы баа-лоонун өзү үлкөн проблема. Бирок да ушул азыр топтолгон, мурда жаралып, эми апогейине жеткен жана жаңы пайда болгон же жаралып жаткан маселелерди баары бир чогулуп, атайы карап, акыл калчаш керек болуп туру.

Адам жараткан проблемаларды адам гана чечүүгө тийиш

Глобалдык тренддер бар. Алар ошол проблемаларды козгогон, чечүүгө чындап умтулган же чечимиш болуп, адамзат алдына жаралган проблемадан пайда тапкысы келгендердин аракетине жараша градацияланып турат. Байлыгын тарттырып жиберген же жаңжалдар токтобогон мамлекеттердеги ачарчылык, жармач өлкөлөрдөгү жакырчылык, экологиялык көйгөйлөр, суунун тартыштыгы, илдеттер ж.б. у.с. проблемалардын бай жана байыркы тарыхы бар. Бириккен Улуттар Уюму баштаган глобал уюмдар ушундай эзелки көйгөйлөрдү какшап, мамлекеттердин алдына коюп, чечели деп, майнабы аз болсо да аракеттенип келет.

А жаңыларын канттик? Маселен төмөнкү проблемалар биздин доорго көбүрөөк мүнөздүү же ушул доордо айрыкча актуалдашты.

Биринчиден, адам жараткан жасалма интеллект адамзатты башкара турган абалга жакындады. Жасалма интеллект колдон чыгып кетсе, программалар трансформацияланып, өз алгоритми менен кетип, адамдын колунан жаралган нерсе аны жасаган адамдын өзүн башкарам десе кантебиз. Кечээки фантастика – бүгүн реалдуулук. Карааны калдая көрүнө баштаган маселени кантип чечебиз, жолдору кандай, кай принциптерге таянып, кандай эрежелерди колдонобуз, жоопкерчиликти ким жана кантип тартат деген сымал оор суроолорго жооп издемегибиз абзел. Бизнес өжөр нерсе, ал эми кимдир бирөөгө үстөмдүк кылуу үчүн күрөш андан өжөр, андан өктөм. Айрым мамлекеттердин лидерлери согушуп, жеринен ажырай турган болуп айласы куруп жаткан өлкөгө анын каршылашы менен тынчтык сүйлөшүүүлөрүнө ортомчу болууну бизнеске айлантканын көрүп жатат го дүйнө. Согуш өзү чоң бизнес, курал сатуу – кирешелүү ишкердик. Киши жасаган программа пайда көздөгөндөрдүн кызыкчылыгынын айынан согуштук максатта, агрессия же зомбулук үчүн колдонулбайт деп кимибиз кепил болобуз.

Экинчиден, өзөктүк жана массалык кыргын салуучу куралдарга расмий турдө ээ мамлекеттер ошол кыйраткыч куралдарды колдонуудан кайра тартпайбыз деп опурулуп туру. Андай куралдарды жасагысы келгендер, а балким эмгиче жасап алгандар аз эмес. Жанкечтилердин колуна тийсе эбегейсиз трагедия. Андыктан ядролук куралды чектөө. конфликтик маселелерди чечүүнүн жолу катары өзөктүк риториканы жана опузаны токтотуу зарыл. Кыйраткыч куралга ээ мамлекеттер сүйлөшө алат жана макулдашууга милдеттүү. Алар адамзат алдында жоопкерчилигин бекем түшүнүүсү зарыл. Андан тышкары, стратегиялык жана тактикалык куралдарды колдонуу боюнча жаңы, так макулдашууларды тезинен түзүү керек. Өзөктүк курал боюнча өзөктүк жана ири державаларды глобалдык конференция өтүүгө, жаңы макулдашууга жетишүүгө үндөө, ынандыруу, керек болсо аларды сестентүү керек. Чечимди лидерлер кабыл алат. Демек лидерлерге алардын адамзат алдындагы жоопкерчилигин эскертүү абзел.

Үчүнчүдөн, жаңы дүйнөлүк тартипти орнотуу маселесин терең ойлонуу кажет. Алдуусу алсызын баса калган заманда мыйзамдардын бир беткей колдонулушун, кош стандарттар көрүнүшүн талдаган айрым билермандар  “эл аралык мамилелер – бул мамлекеттердин жашоо үчүн күрөшү, кыйындары гана жашап кетет” деп түшүндүрүп, жаңы “ саясий-милитаристтик дарвинизмди” ойлоп табышты. Бул эл аралык масштабда укуктук нигилизмге жол ачты. Эл аралык мыйзамдардын аброю түшүп, БУУ баштаган эл аралык уюмдардын жана институттардын кадыры кемүүдө. Укуктук ченемдерди өзгөртүү ишинде улуттук мыйзамдардан жогору турган жоболор менен улуттук мыйзамдардын шайкештиги талаш жаратат. Муну да талкуулап чечсе болот. Ансыз конфликтик кырдаалда ар ким каалагандай интерпретациялаганга кенен мүмкүнчүлүктөр сакталып кала бермеги анык.

Эл аралык укуктун, анын ичинде БУУ бардык системалары суверендүү мамлекеттердин келишимдери менен түзүлгөн. Мамлекеттер гана ушул келишимдерди иштеп чыккан легитимдүү саясий субъекттер. Мамлекеттер аралык мамилелер мамлекеттерге жараша. Суверендүү мамлекеттердин биримдиги болгон соң ошол мамлекеттер аралык мамилелерди жөнгө салуучу орток жоболордун тутумун түзүп алуусу абзел.

Төртүнчүдөн, мамлекеттердин территориялык бүтүндүгү менен элдердин өз тагдырын өзүн аныктоо принциптери карама-каршы келиши ыктымал. Дүйнөнүн саясий картасы чийилип, мамлекеттердин чектери сызылып бүтө элек. Бардык континенттерде өз алдынча мамлекеттүүлүккө умтулган ондогон ири этностор, этноконфессионалдык, этносаясий топтор аз эмес. АКШнын жаңы президенти жаңы аймактарды ээлеп алам деп жар салды. Европанын өзүндө да сепараттык тенденциялар бар.

Мамлекеттердин ички ишине кийли­гишүүнүн шарттары жана чектери да так аныкталуусу абзел. Ушул аныктамалар камтылган БУУнун уставы да өзгөртүлүшү керек.

Бешинчиден, эл аралык мыйзамдар системасы юристтер өзүнчө отуруп алып ойлоп тапкан новеллалар эмес, адамзаттын суудай аккан каны менен жаралган баалуулуктар жана зарылчылыктар тутуму. Демек, ошол мыйзамдарды жана институттарды түзгөн мамлекеттер Бириккен Улуттар Уюмунун башкы жыйынында мунасага келип, тарых сабактарын эске алып, бекем макулдашып, ылаажы табууга тийиш. Бул алардын ушул жерде жана азыр аткарууга тийиш милдети.

Алтынчыдан, глобалдык проблемаларды ири мамлекеттер жаратып келген жана жаратууда. Ири, кубаттуу мамлекеттердин жана алардын лидерлеринин адамзат алдындагы саясий жана укуктук жоопкерчилигин сезүүсү зарыл. Агер тоготпойм дечүлөрүн сестентүү зарыл.

Демилге кимдики болсо, утуш ошонуку

Мына ушул сыяктуу маселелелер идеологиялык жана саясий догмалардан башы бош интеллектуалдардын эл аралык конференциясы болгон шеринеде талкууланып, орток пикирге келген соң, дүйнө мамлекеттери катышкан БУУнун глобалдык чоң жыйы-
нында кабыл алынышы керек. Таасири кемип бараткан БУУ мындай ишке өзү биринчи кезекте кызыкдар болуусу абзел.

Ушундай шеринени Кыргызстан демилгелеп, адамзатты түйшөлтө турган талылуу маселелердин бир тобун талкуулаган чоң конференциянын кыргыз жеринде өтүшүнүн саясий-дипломатиялык мааниси талашсыз. Чыгымдуу долбоор, түйшүктүү иш, албетте. Бирок Кыргызстан, кудайга шүгүр, ургаалдуу өнүгүү жолуна түштү, дараметибиз артууда.

Жок, анча көп мамлекеттин аттуу-баштууларын, абройлуу акылгөйлөрдү туш-туштан чакырып, биздин жерге топтош кыйын десек, анда Борбор Азия, Кытай, түрк тилдүү мамлекеттер сыяктуу өнөктөштөр менен өткөрүүнү ойлонгонубуз оң. Маселен, “Улуу жибек жолу – тынчтыктын жолу, жаратман идеялардын жолу” деген сыяктуу темалардын алдында регионалдык акыл шеринесин уюштурсак неге болбосун. Болот.

Президент Садыр Жапаров бир нече жыл мурда эле түрк тилдүү мамлекеттеринин саммитинде “Борбор Азия – тынчтыктын аймагы” платформасын түзүүнү сунуштаган. Кур дегенде биздин өлкөнүн башчысынын ушул сунушун жүзөгө ашыруунун жолдорун ошол эле түрк тилдүү мамлекеттердин акылгөйлөрү кереге кеңеште талкуулап, жолдорун иштеп чыгууга неге болбосун. Куп болот. Эл аралык саясатты жана дипломатияда ким демилгелесе, утуш ошонуку.

Кыргызстан жаратман сунуштардын, эл аралык саясатта изги демилгелердин автору, интеллектуалдык-маданий окуя-лардын чордону болууга дымагы бар экенин ылайыктуу формада, мазмуну артык иштер аркылуу билдирүүгө тийиш. Кеңешип көрөлү, ой толгойлу, мындан кыйла сонун, мыкты идеялар чыгарына бекем ишеним бар.

Алмаз ОКИН

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар