Башкы беткеМаанилүүАКШда мигранттарга болгон текшерүүлөр күчөтүлдү

АКШда мигранттарга болгон текшерүүлөр күчөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШда иммиграциялык көзөмөл күчөгөнүнө байланыштуу кыргызстандыктарга маалыматтык билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына караганда, АКШнын федералдык органдары ири шаарларда чет өлкөлүк жарандардын иммиграциялык статусун активдүү текшерип жатышат. ТИМ кыргызстандын элчиликтери жана консулдуктары америкалык бийликтер менен туруктуу байланышта болуп, жарандар кармалган учурда аларга консулдук жана укуктук жардам көрсөтүшүүдө.

Министрлик кыргызстандыктарды АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоого, массалык иш-чараларга катышпоого жана өздүгүн тастыктаган документтерин дайыма жандарында алып жүрүүгө чакырды.

Эгерде жаран кармала турган болсо, ТИМ тынчтык сактоону, адвокат кызматынан пайдаланууну жана Кыргызстандын консулдук өкүлчүлүктөрүнө кабар берүү укугун талап кылууну сунуштайт.

📞 Шашылыш байланыш үчүн байланыштар:

  • АКШдагы Кыргызстандын элчилиги (Вашингтон): +1 (202) 449-98-22, +1 (202) 256-2924

  • Кыргызстандын башкы консулдугу (Чикаго): +1 (312) 994-24-16, +1 (312) 929-34-42

  • Электрондук почта: kgconsulate.washington@mfa.gov.kg, kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар