whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.03.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДен соолукКел-кели келген – “Жыргалаң”

Кел-кели келген – “Жыргалаң”

Учурда Презденттин иш башкармалыгына караштуу “Жыргалаң” санаторийи бүгүнкү күндө элдин ден соолугу үчүн кызмат кылган, өлкөбүздөгү бирден бир дарылоо мекемеси болуп калды. Бир аз жыл мурда эле кезегинде союзга чейин дүңгүрөп турган кайран санаторий, ат сарайга айланып таланып, тонолуп кетээрине аз калганда Президент Садыр Жапаров өзү кийлигишип, “Жыргалаң” санаторийин кайра жаратканына баарыбыз күбөбүз.

“Жыргалаң” санаторийинин тарыхына кайрылсак, 1960-жылы СССРдин геологдору нефть издеп 1600дөн ашуун тереңдикти казып көрүшкөндө, нефтинин ордуна ушул минералдык ысык суу чыгыптыр. Бир катар бальнеологиялык иликтөөлөрдөн кийин бул суунун дарылык касиетин аныкташып, ошол эле жердин аймагынан дарылык касиети күчтүү баткактын көлөмдүү кенин да табышат. Азыркы күндө бул баткак дээрлик бардык курорт-санаторийлерде пайдаланылат. 1964-жылы жергиликтүү колхоздордун бирикмеси 160 орундуу дарылоо мекемесин курушат. Кийин 1971-жылы Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын карамагына өткөн. Тилекке каршы, “Жыргалаң” эгемендик алгандан кийин жыргаган жок. Баягы 160 адамды кабыл алып турган санаторий, болгону 68 адамды тейлегенге араң жарап калган.

2023-жылы жогоруда айтканыбыздай Президенттин кийлигишүүсү, колдоосу менен “Жыргалаң” санаторийи кайра жаралды. Андан бери 37 коттедж, 4 корпус жаңы салынды. 6 бөлүктөн туруп, жай-кышы иштей турган, жабык бассейн ишке киргизилди.

Бул санаторийге колдон келишинче жыл сайын келип, ден соолукту чыңап кетип жүрөм. Бир жолку келгениң бир жылга дем, куттуу жер. Мурда 24 ванна бир жерде болуп, эс алуучулар кезек күтүп калышчу эле, азыр жаңы корпустардын биринчи кабатына көчүрүлүптүр. Азырынча ысык баткак коючу жайлар эски корпустарда экен. Бирок, аялдарды өзүнчө, эркектерди өзүнчө экиге бөлүп коюптур. Маалында келип анчалык кезек күтпөй тиешелүү процедураны алып кете бересиң.

Санаторийде мындан тышкары массаждын түрлөрү, фиточелек, парафин менен дарылоо сыяктуу кызматтар иш алып барат. Каалоочулар каалаган учурунда барып, бассейнге түшсө болот. Эс алуучулар үчүн баасы арзан. Ал эми санаторийдин аймагындагы жаңы ачылган дүкөндөн керектүүңдү таба аласың. Ошондой эле корпустардагы, коттедждердеги  бардык шарты бар “люкс” бөлмөлөр эс алуучулардын маанайын көтөрөт. Ал эми санаторийдин 100 орундуу ашканасы азырынча эски корпуста иштеп жатат. Жаңы ашкананын орду даярдалып жаткан экен, ал деле ушул жылы бүтүп калчудай.

Бир сөз менен айтканда жаңырган “Жыргалаң” жалпы журтубузга кызмат кылуусун улантууда. Эс алуучулар арбын.  Баса, “Жыргалаң” санаторийи айрыкча муун ооруларына миңдин бири экенин белгилей кетели. Айрыкча минералдык ысык суусу кан басымы жогоруларга жагымдуу. Дароо түшүрөт. Ал эми ысык баткагы түшүп кеткен кан басымды жогорулатып теңдештирип турат. Бул кан басымдын айынан Ысык-Ата, Жети-Өгүз, Жалал-Абад курортторуна бара албай жүргөн жарандар үчүн абдан маанилүү. Айтмакчы, ашказан ооруларына, ички органдарга жагымдуу булагы бар. Булак курамы боюнча өтө күчтүү болгондуктан дарыгерлер көрсөткөн өлчөмдө жана мөөнөттө гана ичүү керек.

Белгилей кетсек, “Жыргалаң” санаторийи жакшырып, кеңейген сайын жумуш орундары да көбөйгөн. Санаторийдин көпчүлүк кызматкерлери тегерек четтеги айылдардан келип иштешет. Кызматкерлердин кимиси болбосун өз ишинин адиси экени көрүнүп турат, эс алуучуларга жасаган ийкемдүү, сылык-сыпаа мамилелери көңүл көтөрөт. Муну менен дагы бир социалдык көйгөй, жумуш оруну маселеси чечилип жатканы кубанарлык.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар