Башкы беткеРубрикаларДен соолукКардиохирургия институтун калыбына келтирүүгө 83 миллион сом талап кылынат

Кардиохирургия институтун калыбына келтирүүгө 83 миллион сом талап кылынат

Кардиохирургия институтун калыбына келтирүүгө 83 миллион сом талап кылынат.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтун 11-февралдагы өрт кырсыгынан кийин оңдоого кеткен чыгымдын сметалык баасы түзүлдү. Бул тууралуу аталган борбордун директору Самидин Шабыралиев билдирди.
Анын айтымында, акча бөлүнгөндөн кийин оңдоо иштери башталат.

«Бизге КММАнын диагностикалык борборунан бир кабат бөлүнүп берилген, бүгүн биринчи операцияларды баштайбыз. Ошондой эле балдар жана чоңдор үчүн кардиологдор башкарган амбулатория бар. Улуттук госпиталга операциялык бөлмө, төрт реанимация бөлүмү жана он стационардык керебет бөлүнгөн. Аптанын аягына чейин ишке киришебиз, амбулатордук да кабыл алабыз. Биздин дарыгерлер кардиохирургия институтунда кабыл алууну жүргүзбөйт»,- дейт Самидин Шабыралиев.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар