Башкы беткеМаанилүүКыргызстанда сотторду тандоо санариптештирилет

Кыргызстанда сотторду тандоо санариптештирилет

Сотторду тандоону санариптештирүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында судья Рахат Каримова билдирди.

Анын айтымында, бул судьяларды сапаттуу тандоо үчүн жасалып жатат.

«Соттордун ишинин сапатын жогорулатуу үчүн электрондук документ жүгүртүүгө өтүү жана сот тутумун толук санариптештирүү пландаштырылууда», — деп белгиледи Рахат Каримова.

Депутат Гули Кожокулованын Соттор кеңешинин тартип комиссиясынын курамын кыскартуу керекпи деген суроосуна жооп берип жатып, ал акыркы үч жылда соттордун иши боюнча комиссияга 1978 арыз түшкөнүн, эгерде комиссиянын курамы кыскарса, доо арыздарды кароо процесси солгундай турганын билдирди.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар