Быйыл Бишкек шаарында бир топ көчөлөр оңдолот:
Сухэ-Батор көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Ауэзовго чейинки уландысы (4,5 чакырым);
Ауэзовдун Сухэ-Батордон Анкара көчөсүнө чейин уландысы (3,1 чакырым);
Ахунбаев көчөсү Достоевский көчөсүнөн Ауэзовго чейин (3,5 чакырым);
Токтоналиев көчөсүнүн Түштүк магистралдан Абдрахманов көчөсүнө чейинки уландысы (1,3 чакырым).
Ошондой эле быйылкы жылдын аягына чейин Бакаев жана Кара-Дарыя көчөсүн ачуу пландалууда.Төмөнкү көчөлөр реконструкцияланат:
Шабдан Баатыр көчөсү Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтовго көчөсүнө чейин;
Ахунбаев көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкинге чейин;
Жибек Жолу проспектиси Курманжан Даткадан Лермонтовго чейин;
Жаш Гвардия бульвары Жибек Жолу проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;
Лев Толстой көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Калык Акиевге чейин;
Москва көчөсү Жаш Гвардия бульварынан Фучик көчөсүнө чейин;
Медеров көчөсү Панфиловдон 7-апрель көчөсүнө чейин;
Курманжан Датка Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин оңдолот.