Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАКШ менен Кытай TikTok боюнча келишим түзүүдө

АКШ менен Кытай TikTok боюнча келишим түзүүдө

АКШ менен Кытайдын ортосунда TikTok колдонмосуна байланыштуу рамкалык келишим түзүлгөнү маалымдалды. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, келишимге ылайык TikTok АКШнын көзөмөлүнө өтүп, кытайлык ByteDance компаниясы платформаны толук башкарып кала албайт.

АКШ бийлиги мындай чечимди улуттук коопсуздукка байланышкан коркунучтар менен түшүндүрүүдө. Өзгөчө колдонуучулардын маалыматтарын сактоо жана алгоритм аркылуу таасир этүү маселеси көңүл борборунда турат.

Белгилүү болгондой, жума күнү АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытай төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүү өткөрүп, келишимдин майда-чүйдөсүн талкуулашат.

Ошол эле учурда, TikTokтун алгоритмин ким көзөмөлдөй турганы, үлүштөрдү ким сатып алары жана каржылык шарттары азырынча так айтыла элек.

Эгер келишим толук күчүнө кирсе, TikTok АКШда ишин уланта берет, бирок жаңы ээлер жана жаңы эрежелер менен.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар