Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, Японияга болгон расмий сапарынын алкагында «Борбордук Азия + Япония» Диалогунун бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу документтерди жарыялоо аземине катышты.
Иш-чарага кеңири тармактарды, анын ичинде өнөр жай жана машина куруу, энергетика, транспорт жана логистика, финансы жана камсыздандыруу, маалыматтык технологиялар, медицина жана фармацевтика, айыл чарба, билим берүү, ошондой эле жогорку технологиялар жана инновациялык өнүгүү чөйрөсүн камтыган Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониядан келген 300гө жакын бизнес өкүлдөрү катышты.
Форумдун ишкердик программасынын алкагында туруктуу өнүгүү, «жашыл» экономиканы түзүү, санариптештирүү, IT-индустриясын өнүктүрүү, ошондой эле адамдык капиталды жана билим берүүнү өнүктүрүү маселелери сыяктуу өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары каралды.
Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара ишенимдин жогорку деңгээлин жана тараптардын өнөктөштүк мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө кызыкдарлыгын тастыктаган эки тараптуу документтерге кол коюу аземи болуп өттү.


