Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКазахстанда коомдук жайларда никаб кийгендер жоопкерчиликке тартылат

Казахстанда коомдук жайларда никаб кийгендер жоопкерчиликке тартылат

Казахстан парламентинин Мажилиси экинчи окууда коомдук жайларда жүздү толук жаап туруучу кийимдерди, анын ичинде никабды кийүүгө байланыштуу жоопкерчилик каралган мыйзам долбоорун жактырды.

Документке ылайык, мындай кийим менен коомдук жерде биринчи жолу көрүнгөн жаранга эскертүү берилет, кайра кайталанса — 10 МРП өлчөмүндө ( болжол менен 40 миң теңге же $80) айып пул салынат.

Мыйзам долбоору эми Сенатка жөнөтүлөт, андан кийин президентке кол коюуга берилет.

Буга чейин, 2024-жылы жайында, президент Касым-Жомарт Токаев коомдук жерлерде жүздү толук жаап туруучу кийимдерге тыюу салган мыйзамга кол койгон. Ал никабды «радикалдык көз караштагы топтор таңуулаган архаикалык форма» деп атап, анын өлкөнүн салттуу баалуулуктарына каршы келерин билдирген.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар