Спорт тармагындагы кызматкерлердин айлыгы жогорулатылды

Кыргызстанда дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталган Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып тармактагы кызматкерлер жогорулатылган айлык ала башташты. Бул чечим алардын эмгек сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле материалдык кызыкчылыгын күчөтүүгө багытталган. Токтомго ылайык, кызматкерлердин айлыгы 50 пайызга жогорулатылып, кошумча 15 миң сом кошулду. Мындан тышкары, 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация каралган.

Жалпысынан бул өзгөрүү дене тарбия жана спорт тармагында иштеген 4 367 кызматкерди камтыйт.

Адистердин айтымында, бул кадам спорт тармагын колдоого, кызматкерлердин социалдык абалын жакшыртууга жана тармакты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз