whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКелерки жылы саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлөт

Келерки жылы саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлөт

2026-жылы дарыгерлердин айлыгы дагы жогорулатылары белгилүү болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, медицина кызматкерлеринин маянасы акыркы жылдары туруктуу көтөрүлүп келүүдө жана бул багыт министрлик үчүн приоритеттүү маселе бойдон калууда.

Ошондой эле жыйында депутат Нилуфар Алимжанова дарыгерлерди коргоо менен бирге, алардын эмгек акысын тез арада жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Ал эми министр кийинки жылы дагы маяналар көтөрүлөрүн ырастады.

Мындан тышкары, депутат Эркин Чечейбаевге Ош шаарындагы балдардын онкологиялык ооруканасын дары-дармек менен камсыздоо маселесин чечүүнү өтүндү.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар