Бүгүн Женевада Россия, АКШ жана Украина делегацияларынын ортосунда өтө турган кезектеги сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өтөт.
Маалыматка ылайык, үч тараптуу жолугушууга жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү киргизилбейт.
Сүйлөшүүлөр 17–18-февралда Женева шаарында өтмөкчү. Буга чейин январь айында тараптар эки жолу жолугушууну Абу-Даби шаарында өткөрүшкөн.
Күтүлүп жаткан жолугушуунун күн тартиби жана негизги маселелери тууралуу расмий маалымат азырынча жарыялана элек.

