Бишкек шаарында эт продукциясына жана социалдык мааниге ээ азык-түлүктөргө болгон бааларды көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Кезектеги рейдге шаардык мэриянын өкүлдөрү, төрт райондук администрация, Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, Бишкек шаардык ветеринардык кызматтын адистери, салык кызматкерлери, укук коргоо органдары жана МТУ өкүлдөрү катышты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө эттин баасын негизсиз көтөрүүгө жол бербөө, продукциянын сапатын жана келип чыгышын тастыктаган документтердин болушу, ошондой эле соодадагы санитардык нормалардын сакталышы өзгөчө көзөмөлгө алынды.
Рейддин алкагында соода түйүндөрүнүн ээлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана мамлекет тарабынан белгиленген баа чектерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай иш-чаралар социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн баасын туруктуу кармоого жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган.
Баалар боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталса, жарандар төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот:
- Свердлов району: 0312 531351, 0312 433891
- Ленин району: 0312 656 875, 0312 656 901
- Первомай району: 0312 324 913
- Октябрь району: 0312 563 197, 0312 564 610
Мэрия тарабынан азык-түлүк базарларында баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында туруктуу мониторинг жана көзөмөл иштери улантылары белгиленди.

