Борбор Азия – Германия диалогу жана стратегиялык өнөктөштүк

0
8714

Берлинде «Борбордук Азия – Германия» тышкы иштер министрлеринин С5+1 форматындагы жолугушуусу болду. 11-февралда өткөн жолугушууга тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Германиянын тышкы иштер министрлери жолукту.

Европа, анын ичинде Германия Борбор Азияга кызыгып, мамилесин чыңдоого умтулуп жатканы геосаясий контекстен караганда түшүнүктүү. Борбор Азиянын сырт иштер министрлерин Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер кабыл алды. Берлин Борбор Азияны Евразиядагы эң маанилүү өнөктөш, аймактагы
коопсуздуктун анык фактору деп эсептейт. Маселен, Германиянын министри экономикалык кубаты улам артып бараткан Кытай менен Россиянын ортосундагы стратегиялык регион болгондуктан, Европа үчүн Борбор Азия зор мааниге ээ экендигин белгиледи.

Министрлер соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуунун маселелерин талкуулап, белгилеп, Борбордук Азия мамлекеттери менен Германиянын ортосундагы мамилелердин, жалпы баа-луулуктарга жана өз ара кызыкчылыктарга негизделген Борбор Азия-Германия өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоо, ошондой эле жогорку деңгээлдеги диалогду улантуу ниетин ырасташты.

Жыйынтыгында Берлин Декларациясы кабыл алынды. Германиянын басма сөзү дал ушундай нукта маалыматтарды таратты. Арийне, “Евроньюс” каналы Европа өлкөлөрү үчүн Борбор Азия стратегиялык мааниге ээ экендигин туура белгилеп, ошону менен бирге, негедир санкциялар маселесине акцент жасады. Туура, санкциялар маселеси тууралуу кеп болду. Бирок министрлердин жолугушуусу бир гана санкциялар маселесинде Германиянын министринин пикири менен чектелгени же аяктаганы жок.

Кыргыз министри Жээнбек Кулубаев Европа Бирлигинин санкциялык саясатына байланыштуу кыргыз тараптын олуттуу тынчсыздануусун билдирип, бир тараптуу чектөөчү чаралар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, ошондой эле аймактагы мамлекеттердин европалык өнөктөштөр менен соода, каржы жана инвестициялык кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгиледи. Ал Кыргыз Рес-публикасы өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так сактай турганын, санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү мүмкүнчүлүгүнө байланышкан тобокелдиктерди биргелешип алдын алуу максатында Европа Бирлигиндеги өнөктөштөрү менен ачык жана конструктивдүү диалог жүргүзүп жатканын айтты.

Президент Садыр Жапаров былтыр 23-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблея-сынын юбилейлик 80-сессиясындагы тарыхый сөзүндө “Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келген жана аткара беребиз. 2024-жылы Европа Бирлигинин өлкөлөрү Россия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Россиядан импорттолгон товарлар болгон. Ал эми биздин 2 банкка каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Россия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн.

Ачык айтканда, кимдир бирөөлөр өз алдынча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн өзүмчүлүк менен өзүнө калтырып, өз кызыкчылыктарын коргоп, башкаларга тыюу салган.

Биз башкалар менен тирешүүнү каалабайбыз. Биз дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзүп жатабыз. Менин өлкө Президенти катары биринчи милдетим – жарандарымдын жана өлкөмдүн коопсуздугун камсыз кылып, экономикалык абалын жогорулатуу. Биз экономикалык кызматташтыкты жана сооданы саясатташтырууга каршыбыз” деп кашкайган чындыкты айткан.

Жээнбек Кулубаев санкциялар маселеси боюнча биздин позицияны гана билдир-
бестен, эл аралык мамилелерде тең укуктуулук, өз ара урматтоо жана ишеним принциптеринин маанисин баса көрсөтүп, ишенимге негизделген өнөктөштүк бир тараптуу санкциялык басымга караганда өз ара пайдалуу максаттарга жетүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзөрүн даана билдирген.

Ошентип, Берлиндеги жолугушууда бир гана санкциялар эмес, негизинен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну тереңдетүүнүн маселелери талкууланды.

«Борбор Азия – Германия» тышкы иштер министрлеринин С5+1 форматындагы жолугушуусуна үндөш Экономикалык форум да өттү. Бул министрлердин диалогунун экономикалык мүнөзүн да бир ирет көрсөтүп турат.

Министрлер Транскаспий транспорт коридорун (Орто коридор деп да аталат) өнүктүрүү, “Жашыл экономика жана климат”, ОБСЕнин алкагында кызматташуу, коопсуздук, илимий жана маданий кызматташтык,  “Келечек үчүн өнөктөш мектептер”, кадрларды даярдоо сыяктуу орток долбоорлорду жана башка бир катар демилгелелерди ишке ашыруунун мындан аркы маселелелерин кеңешишти. Маселен, Германия наркы 250 миллион евро “Жашыл экономика жана климат” демилгесин, суу жана жер ресурстарын ыктуу пайдалануу долбоорлорун колдойт. Германия Борбор Азиянын сейрек кездешүүчү кен байлыктарына кызыгуусун жашырганы жок. Министрлер Борбор Азия+Германия саммитине күн тартибине тийиштүү жагдайларды да аныктоого умтулушту.

Берлин декларациясы демекчи, бул документте Борбор Азия менен Германиянын Стратегиялык өнөктөштүгүнүн алкагында соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди чыңдоо зарылчылыгы бир ооздон баса  белгиленди.

Сыргак ЭСЕНБЕК

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз