Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити китеп окуу маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелерин талкулоо максатында “Окурман журтту кайра жаратуу” аттуу тегерек үстөл өткөрүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” редакциясынын директор-башкы редактору Жапар уулу Орозалы, Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрага орун басары Керимбек Кадыракунов, «Нуска» китеп борборунун жетекчиси Анархан Садыкулова, жазуучу, котормочу, журналист Токтошов Капар, «Азаттык Медиа» радиосунун директору Бакыт Асанов, “Бугупресс агенттиги” ЖЧКсынын директору Жаныбек Абидетегин катышты.
(Уландысы. Башталышы өткөн санда)
Койчуман Момункулов, мамлекеттик китеп палатасынын директору:
– Биз китеп палатасы сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Облустардан, башка жактардан кандай китептер керек деп. Бул сунуш 10 жылдап чогулуп келатат. Былтыр 400гө жакын китеп сунуштаганбыз. 100ү өтүп калганы калып калды. Калганын дагы сунуштайбыз. Жаңы китептер чыгып жатат.
Анархан Садыкулова, «Нуска» китеп борборунун жетекчиси:
– Силер сурамжылоо жүргүзүп жатабыз дейсиңер. Мен бул системада иштегем. Союз убагында. Нарындын облкитепканасына телефон чалып сурадым. Силер бул китепти ким окуйт деп сунуш кылып жатасыңар деп. Алар булар бизди шаштырып, биз картотеканы карап эле берип жатабыз дейт. “Тиги чаң баскан картотекаңарды өрттөгүлө, азыркы окурмандардын талабы бөлөк” дедим. “Эмне кылабыз, шаштырып эле келе-келе” дешет китепканачылар. Ошону жаңылаштырсаңар болбойбу.
“Бугупресс” басмаканасынын жетекчиси Жаныбек Абидетегин:
– Бир топ убакыттан бери китеп чыгаруу тармагында иштеп, көбүн эсе чет өлкөлүк авторлорду кыргыз тилине которуп келебиз.
Негизи китеп жазуудагы негизги максат – китеп чыгаруу эле эмес. Авторлор китеп чыгарса эле максатына жетип калбайт. Чыгарма окурманга жетип, окурмандар тарабынан өз баасын алганда гана автор өз максатына жетет десек болот. Китепти чыгарып, китепканаларга таратып коюп эле иш бүттү деген болбойт. Ачыгын айтыш керек, бүгүнкү күндө жаштар китепканага барбайт. Аймактарды айтпай эле коеюн, Бишкекте деле абал ошондой. Алар качан китепканага барышат, эжей-агайы тапшырма бергенде, ошондо барат.
А китепканага эмнеге барбайт? Китепкана купулуна толбогондуктан да барбайт, эгер китепкана аны тартса, окурманды кызыктырса, китеп окуй турган атмосфера болсо бармак.
Китепканалар сыяктуу, биз китеп чыгарган басмалар деле окурмандар үчүн иштейбиз. Окурмандар менен көпүрө түзүлүш керек. Китеп чыгарууга жылына миллион-миллион акча бөлүнүп жатат. Ошол акчага балдар, жаштар, окурмандардын бардык катмары үчүн китептер чыгышы керек. Тандалып чыкканы жакшы.
Албетте, кандай китептерди чыгаруу керек, тандоо кыйын иш. Бирок, кандай болбосун, эртеби-кечпи муну жолго коюшубуз зарыл.
Адатта мектеп менен мечитти көп салыштыра беришет. Мечиттин көптүгү жана мечитке адамдардын агылып барып жатканы ошол мечиттин имамы иштейт. Элди кыдырат, мечитке чакырат, барсаң китеп окуп, даваат айтат. Кызыктырат, турмуштук суроолорго жооп берет. А бизде китепканага чакырган эч ким жок. Эч ким чакырбайт да. Балким чакыргандар да бардыр. Көп китепканалар китеп сактоочу жайдын гана функциясын аткарып калгандай. Окурманды тартуу үчүн китеп өзү кызыктуу болушу керек. Экинчиден, ар бир муундун табити менен эсептешиш керек. Бизде көп учурда ушул нерселер эске алынбай калат.
Мына китеп палатасы 100 китеп чыгарган экен. Бул тууралуу жалпы коомчулукта алдын ала кабардар болду беле? Тилекке каршы, жок. Азганакай адамдардын тобу гана билген жана ошолор кайсы китептер чыгышы керектигин чечип койгон. Менимче бул аябай жарыя болуп, бул ишке коомчулук да катышып, өз сунуштарын айтса жакшы болмок.
Мамлекет жеке жактар менен да жакшы иштеши керек.
Капар Токтошов, жазуучу, котормочу, журналист:
– Жаныбек мырза, китеп чыгаруу боюнча мамлекеттик программанын концепциясында бул каралган. Жеке басмаканалар тарабынан чыгарылган китептерди мамлекет сатып алат жана таратат деген пункт бар.
Койчуман Момункулов, мамлекеттик китеп палатасынын директору:
– К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасына бир күндө канча окурман келет деп сурамжылоо жүргүзгөндө, бир жарым миң окурман келери боюнча статистика бар.
Жаныбек Абидетегин, “Бугупресс агенттиги” ЖЧКсынын директору:
– Балким, ал статистиканын негизи бардыр, туурадыр. Бирок ал жеке бир китепкана боюнча гана статистика да, жалпы статистика эмес. Бестселлер чыгарма деп коет го. Бул кыргызча которгондо көп сатылган дегенди билдирет. Бестселлер – эң көп сатылган китеп. Сатылса, демек окурманга жакты деген сөз экен. Китепканага ар кандай барышы мүмкүн, балдар тапшырма аткарганы, жаштар изилдөө иштери менен барат. Бирөө убакыт өткөргөнү бараар. А адам оңой менен чөнтөгүнөн акча чыгарбайт. Окурман статистикасын чыгарганда китептин сатылганын эске алыш керек деп ойлойм.
Койчуман Момункулов, мамлекеттик китеп палатасынын директору:
– Туура. Китеп соодасын өнүктүрүш керек. Окурмандардын кеңири катмары аймактарда.
Керимбек Кадыракунов, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрага орун басары:
– Биерде дагы бир маселе бар. Кээде бирөөлөр менин китебим үч жолу басылды деген учурлар бар. Адатта азыр 200-300 китеп чыгарат, бирок нускасын миң деп көрсөтүп коет. Кайра чыгарат. 100 китеп, кайра эле миң деп жазат. Анан үчүнчү жолу китебин бастырат, чыны 50нү чыгарат да, миң деп жазып алат кайра эле. Бестселлер дегенде ушуну да эске алыш керек го.
Бакыт Асанов, «Азаттык Медиа» радиосунун директору:
– Өлкөнүн интеллектуалдык жактан өнүгүшү дал ушу китеп окуу менен байланышкан. Китеп канчалык көп окулса, коомдук аң-сезим ошончолук жогору болот. Сын көз караштар, жигердүү позиция жаралат, адам эстетикалык жактан өнүгөт өсөт. Китеп басып чыгаруу, окуу чоң маселе. Мен бирин-экин жагдайларга көңүлүңүздөрдү бурсам. Мурда заман он жылдап өзгөрсө, азыр саат санап өзгөргөн учурда жашап жатабыз. Жасалма интеллект, маалыматтык технология биздин турмуштун ар бир тармагына кирип жатат. Мурда китеп окууга деп кандайдыр бир убакыт бөлсөк, жасалма интеллект, маалыматтык технология ошол убакыттан өз ордун ээлеп жатат. Ушундай шартта китепти кантип сүйдүрүш керек, окурман журтун көбөйтүү керек деген маселе чоң көйгөй. Мында окурмандын табитине көбүрөөк көңүл буруу зарыл деп эсептейм. Мамлекеттик заказ, мамлекеттик көз караш, саясат болуш керек, ошол эле учурда ошол баалуулуктардын башында бүгүнкү окурман эмнени каалайт, эмнени окуйт, эмнени сатып алат деген негизги критерий болушу кажет.
“Балдарга кантип китеп окутабыз, кантип телефондон арылтып, китеп окуу көндүмгө, адатка айлантабыз” деп көп айтабыз. А балдар кызыккан, балдарды кызыктыра турган кандай китеп бар дегенде, сурай келсең кыргыз тилинде өтө чектелүү. Быйыл он эки күндүк каникул болбодубу, ошондо кесиптештериме ушундай күндөрдө ким кандай китеп окуйт, иликтеп, тизмесин түзүп жазып көрбөйлүбү дедим. “Нью-Йорк таймстын бестселлери” деген тизме түзүлөт жылда. “Быйылкы жылдын эң көп окулуучу китептери ушулар” деп. Карап көрсөк, ошол китептер орус тилине бир жылдын тегерегинде которулат, ал эми кыргыз тилине он жылдан кийин келсе келди, келбесе жок.
Дүйнөлүк адабияттагы эң көрүнүктүү, көп окулган Ребекка Яррос, Саманта Харви, Харуки Мураками деген сыяктуу авторлордун китептерин кыргыз тилине которуп, дүйнө эмнени окуп жатса, кыргыз окурмандары ошону окуганга аракет кылышыбыз керек го. Себеби, биз каалайбызбы же каалабайбызбы дүйнөнүн бир бөлүгүбүз да. Редкеңеш болобу, ким болот, дүйнө окуган чыгармаларды жакшы котортуп бергенге шарт түзүш керек го дейм. Буга аргасызбыз.
Азыр китеп окуу маданиятынын адаттары да өзгөрдү. Мурда кагаз карап окусак, азыр электрондук версия менен окуп жатышат. Ушундай муун пайда болду. Электрондук версияны көчүрүп алып окугандар пайда болду. Буга да көңүл буруу зарыл го.
Электрондук версияны кайда топтойбуз, кайсы жерден алып окуй алабыз. Окурманга каерден жеткиликтүү болот деген маселе бар. Мен өзүм бош болгондо китептердин электрондук версиясын да карайм. Зияш Бектеновдун “Замандаштарым жөнүндө эскерүү” китебинин электрондук версиясы бар. Китептин өзүн сатып алайын деп таппай жүрөм, бирок электрондук версиясын окуйм.
Эми котормо жана классика тууралуу. Басмалар, фонддор китептерди котортуп жүрөт. Бул колдоого арзыйт. Бирок котормо сапаты жөнүндө көп сөз бар. Котормочуларды даярдаш керек. А кыргыз классикасы кайрадан басылып чыгышы керек. Идеологиясы көп чыгарма өзүнөн өзү окулбай калат.
Бизде китеп окуган окурман бар. Андыктан китептерди китепканаларга эле таратпай, китеп сатууну да уюштуруш керек аймактарда.
Жапар уулу Орозалы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” редакциясынын директор-башкы редактору:
– Кесибим журналист. Калемгермин. “Нуска” китеп дүкөнүндө китебим турат. Турганы мындай. Биз авторлор окурмандар китеп окубайт дейбиз. Жок андай эмес. Биз окурман окугудай китеп жаза албай жатабыз. Окурмандарды тарта албай жатабыз. Күнөөнү өзүбүздөн издешибиз керек. Эмне үчүн 15 жыл мурда чыгарган китебим эженин дүкөнүндө. Себеби начар жазылган. Алгачкы китептерим корректорсуз чыккан. Редакторсуз чыккан. Өзүмдүн билимиме таяндым. Анан каражаттын аздыгы себеп болду. Азыр окуп, өзүм иренжий түшөм. Уялып кетем, каталарынан. Жалпы мазмуну жакшы эле. Типография-лык, грамматикалык каталары бар.
Басмалар эске алса, катасы болсо китеп чыгарбаш керек. Корректор, редактор ар бир басмада болушу керек. Китеп бизнес эмес. Автор көргөнүн жазыш керек. Эмне үчүн Айтматов Чолпонбайды эмес, Ысмайылды жазган. Себеби, ал Ыс-
майылды көргөн, Чолпонбайды көргөн эмес, Чолпонбайды жазса, жасалма болуп калмак. Уркуяны жазбай Жамийланы жазган. Биз да өзүбүз көргөн-билгенди жазышыбыз керек. Баарыбыз эле Төлөгөн Касымбеков эмеспиз, жанында жүргөндөй жазган. Адабий курста окуп жатам, билимимди тереңдетейин деп.
Жазуучулар союзуна айтаарым, татыктууларды мүчө кылып алса, акчасы барларды эмес. Акчасы барлар өздөрү жазып жатыптырбы, алар үчүн башкалар жазып берип жатат да. Бул уят. Калемди сыйлабагандык.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

