Түркүн-түстүү Шинжаң

  30-июндан 9-июлга чейин дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн чогулган 35 журналист Жуңго Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районунун Үрүмчү, Кашкар, Турпан шаарларында болуп, тарыхый эстеликке айланган эски шаарларынын урандылары, миң кылымдарды карыткан үңкүрлөрү, улуттук музыкалык аспаптар айылдары, улуттук этнографиялык музейлери, шалы, пахта талаалары, заманбап индустриалдык жана биотехникалык, интеллектуалдык техникалар компанияларынын ишмердиги менен таанышып кайтышты.
Алардын катарында сиздердин сүйүктүү «Кыргыз Туусу» гезитинин маданият бөлүмүнүн башчысы Болотбек Таштаналиев да болду. Анда кеп кабарчыбызда.

Шинжаң кыргыздары: Бурмакан Молдо

Мени Шинжаң менен көп нерсе байланыштырат. 2009-2010-жылдары “Аалам кыргыздары” журналында башкы редактор болуп иштеп турганда, журналга дүйнөдөгү кыргыздар, анын ичинде Жуңгодогу кыргыздар тууралуу бир топ кызыктуу материалдарды жарыялаганыбыз эсимде.

Ошол жылдары этнограф тарыхчы Абылабек Асанкановдун “Шинжаң кыргыздары” аттуу көлөмдүү китебин орус тилинен кыргызча которуп, Абылабек агай мени эки-үч жолу кыргыз өкмөтүнүн расмий делегациясынын катарында Шинжаңга,  Кызыл–Суу Кыргыз автономиялык облусуна жиберүүгө аракет кылып, ал тилеги ишке ашпай калган. Угушума караганда, тарыхчынын “Шинжаң кыргыздары” китеби Үрүмчүдө эки-үч ирет кайталанып басылса керек эле.

Андан кийин деле Шинжаң менен байланыш үзүлгөн жок. Республикалык деңгээлдеги ар кайсы гезит-журналдарда иштеп турганымда, жуңголук кыргыз журналисттеринин манасчы Жусуп Мамай, чек арачы Бурмакан тууралуу макалаларын жарыялаганга кол кабыш кылгам.

Манасчы Жусуп Мамайды Кыргызстанда жакшы таанышат. Ал эми Бурмакан чек арачы тууралуу мен билгенден бул жакта маалымат аз. Анткен менен Жуңгодо Бурмакан Молдо Жусуп Мамай сыяктуу эле легендарлуу адам.

2019-жылы Пекинде, Элдик жыйын үйүндө өткөн салтанатта Төрага Си Цзиньпин КЭРдин түзүлгөнүнүн 70 жыл толушунун урматына 42 адамды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлап, алардын катарында этникалык кыргыз Бурмакан Молдо “Улуттук үлгүлүү адам” мамлекеттик сыйлыгын алган. Иш-чара CGTN телеканалы аркылуу түз алып көрсөтүлгөн. Шинжаң-Уйгур автономиялуу районуна караштуу Улуу-Чат айылынын тургуну Бурмакан Молдону Жуңгодо чек арачы катары таанышат. Ал 50 жыл бою кошуна мамлекеттин чек арачыларына 4000 метр бийиктикте жайгашкан мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин көзөмөлдөөгө жардам берип келген. Кийинчерээк бул ишке айылдын баарын тарта алган. Улуттук коргоо жаатына чоң салым кошкон.

Үрүмчүдөгү сапарымда Бурмакан Молдонун сүрөтүн шаардагы көргөзмөлөрдүн биринен Шинжаңдын көрүнүктүү адамдарынын катарында илинүү турганын көрүп, жанымдагы журналисттерге мактанып алдым. Таластыкмын да…

“Жапайы жылкылар”…

Үрүмчү шаарынын Лиюшань паркынын түндүк-батыш тарабындагы “Жапайы жылкылар” же жапайы жаратылыш паркы бул аябагандай уникалдуу жай. Мында келген адам миң жыл – миң жыл көөнө тарыхка сүңгүп кирип кетет.

Анда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн: араб өлкөлөрүнөн, Япониядан, Испаниядан алып келинген жылкынын 18 элиталык түрү өстүрүлөт. Франциядан алып келинген салмагы бир тоннадан ашуун жылкы да, дүйнөдөгү эң кичинекей жылкылар – салмагы 40 килолук понилер да бар. Бул паркта дүйнөдөгү эң сулуу жана сейрек кездешүүчү ахалтекин аттары да багылат. Карап эле тургуң келет. Аларды “асман күлүктөрү” аташат.

“Жапайы жылкылар” экопаркы Жуңгодогу гана эмес, бүтүндөй дүйнөдөгү кайталангыс экопарк десе жарашат. Аерден жашы 300 миллион жылдык Юра дооруна таандык таш болуп катып калган дарактарды көрөсүз. Бири узунунан жерде жатат, бири жерге отургузулган. Байыркы мезгилдеги ташка айланган дарактар. Колуңуз менен сылап жатып, миллиондогон жылдар көз алдыңыздан сыдырылып өтөт. Менин таң калганым, мына ошол миллион жылдардын элеси өлбөс-өчпөс болуп таштай катып, келген-кеткен туристтерди бир селт эттирип жаткандыгында болду. Бул паркка Жуңгонун кайсы аймагынан апкелишти, ушунча кылымдар бою кантип сактап келишкен деген ой кылт этти.

Ушул көз ирмемдерде көп нерселер эске түшөт. “Жапайы жылкылар” экопаркындагы бул байыркы таш дарактар дүйнөнүн дагы бир керемети эмей эмне? Дүйнөнүн Жуңго мамлекетинен башка дагы кайсы жеринде Юра дооруна таандык ушундай таш дарактар бар болду экен? Бул байыркы дарактар Хеопс пирамидаларынан эмнеси кем?

“Жапайы жылкылар” экопаркындагы туристтердин көңүлүн өзүнө бурган дагы бир нерсе – бул метеорит таштар. Айтымда, метеорит таштардын коллекциясы – Алтайдан алынып келиниптир. Парктын кире беришинен балбал таштарды көргөндө, Алтайдын бир бөлүгү Шинжаң жергесинде жайгашкандыктан, ошол жактан атайын бул экопарк үчүн алып келинсе керек деп койгом. Көрсө, кызыктын баары метеорит таштарда экен. Кайсы биринин үстүнө балка коюп койгон экен, аны менен ташты акырын урсаңыз, таштан куду темирге тийгендей “чыңк” эткен үн чыгат.

Жуңгодо ички туризм аябай өнүккөн. Жашы деле, карысы деле, баласы деле «Жапайы жылкылар» экопаркында жүргөндөй сезилет. Биз паркка ат оюндары көрсөтүлөр алдында келген экенбиз. Бир маалда оюндар башталды. Ахалтекин күлүктөрүн минген кыргыз-казакка окшош жигиттердин аттын кулагы менен тең ойногон шамдагайлыгын, чапчаңдыгын көргөн туристтер уу-дуу. Атүгүл Алжир, Ангола, Конго, Кувейт, Оман, Мальдивы, Сомали ж.б. өлкөлөрдөн келишкен журналисттер ордуларынан жаш баладай тура калып, фотоаппараттарын чыкылдатып, уюлдук телефондоруна видео кылып тартып киришти. Көкбөрү, кыз куумай баштаган ат оюндары бизге тааныш болгонго мен башкалардай ордумдан тура калган жокмун. Антсе да толкунданбай кое албайт экенсиң. Аңгыча эле кыргыздын музыкасы жаңырса болобу. Келишкен ахалтекин күлүктөрүн минген кымча бел эки кыз колдоруна жаа кармап, жаа атуу өнөрүн көрсөтө баштаганда, жүрөк солк этип, отурган ордумда катып калыпмын го.

Кашкарда: «Жиангого»…

1-июлда Кашкарга учтук. Абада 1 саат 50 мүнөттүк жол экен. Кашкар отелине жайгашып, түштөнгөн соң Шуфу уездиндеги «Жиангого» айыл чарба технологиялык компаниясына (Jianguoguo Agricultural Technology Co., Ltd.) бардык.

«Эшигин көрүп төрүнө өт» дейт, айыл чарба технологиялары, мөмө-жемиш өстүрүү жана кайра иштетүү тармагында иш алып барган компаниянын алды гүл бакчаны элестетет. Баары жашыл, тамчылатып сугаруу системасы менен сугарыла турганы дароо көзгө урунат.

Кире беришинен баштап гүл. Мисирейип таптаза. Бир тал тамекинин калдыгын көрбөйсүң. Кирип-чыгып колоктоп бош жүргөн киши көрүнбөйт. Куду мемиреп аккан терең дарыя сыңары.

Дарыя да сыртынан агып жатканы же акпай турганы билинбей, а ичинен тоодой таштарды томкоруп агат эмеспи. Шинжаңда канча компанияга барбадык, канча ишкананын эшигин ачпадык. Сыртынан карап, киши барбы же жокпу деп ойлойсуң, а ичине кирсең эле иш кайнап жатканын көрөсүң. Мындай ичинен дайрадай кайнаган көрүнүш Шинжаңдагы дээрлик бардык компанияларга мүнөздүү нерсе экен. Жергиликтүү бардык өндүрүштүк компанияларга мүнөздүү нерсе, баары жаңы, баа-рында заманбап технологиялар, илимдин жана техниканын жетишкендиги.

«Жиангогодо» да заманбап технология-лар орнотулган. Анда Кашкар аймагындаөстүрүлгөн жер-жемиштер кайра иштетилет. Шинжаңга, андан ары Жуңгонун башка аймактарына таркатылат. Иш сааттай чыкылдап жолго коюлган. Атайын кийим кийинишкен адамдар мөмө-жемиштерди сорттоп, заманбап технологиялар аларды атайын кутучаларга салып желимдеп  жатат.

Карап отуруп көзүң кызыгат. Кашкар аймагы Кыргызстан менен чектеш. Кашкарда өскөн жер-жемиштер бизде деле өсөт. Тилекке каршы, бизде «Жиангогодогудай» заманбап технологиялар жок.

«Жиангого» айыл чарба технологиялык компаниясы: сапаттуу мөмө-жемиш өстүрүү;  айыл чарба технологияларын киргизүү (тамчылатып сугаруу, заманбап багбанчылык); жемиштерди кайра иштетүү жана экспортко чыгаруу; айыл чарба туризмин өнүктүрүү (мөмө терүү, агро-тур) багытында иш алпарат.

Мен үчүн айыл чарба туризми дегени да жаңылык болду. Түркияга барып келгендер: «Апельсин, мандаринди өсүп жаткан бакчасына кирип, базар баасынан арзан баада өзүң терип алат экенсиң. Каалашыңча терип, көтөрүшүңчө көтөрүп кетет экенсиң» дегенин уккам. Көрсө, биз эми жаңыдан туризмди өнүктүрөбүз деп жаткан маалда кошуна Шинжаң бизден канча бир жылга озуп кеткендей таасир калтырды.

Улуттук музыкалык аспаптар айылында

Туристтердин дагы бир кызыгуу кумары артып келген жай – бул Шуфу уездиндеги Шинжаң улуттук музыкалык аспаптар айылы. Айтымда, музыкалык аспаптар айылы туристтер эң көп келген жайлардын бирине айланган. Анда дутардын түр-түрү жасалат. Салттуу дутар менен катар бириктирилип жасалган кош дутарларды, үчилтик дутарды да, жыландын териси менен капкакталган дутарларды да көрүүгө болот. Айыл Шинжаңдагы бардык жайларга мүнөздүү келгендей, гүл бакчанын арасынан орун алган. Жаш жаңгак дарактары кучагын жайын көлөкөсүнө 40-50 киши кенен отуруп эс алгыдай. Айылга кире беришине өнөрпоздордун статуялары коюлган. Эстелик үчүн мен да алардын бирин-экини менен селфи жасап койдум.

Белгилүү болгондой, Шуфу уездиндеги бул айылда Кашкардын ар кайсы айылдарынан дутарда кол ойноткон өнөрпоздор, дутар жасоочу усталар жашап, аталган аймак музыка жана аспап өндүрүшү менен өзгөчөлөнөт. Мында жасалган дутарлар Түндүк Азияга, Батыш Азияга жана Европага чейин экспорттолот.

Белгилеп койчу нерсе, дутар жасоо-чу усталар жөн гана уста эмес, ошону менен бирге дутарда кол ойноткон күүчүлөр. Дүйнөнүн ар тарабынан келген журналисттер барганда, бизге дутар ойноп, ырдап да беришти. Дутар кылдарынан созулган кайрыктар жүрөккө тиет. Мурда теледен көрүп, эфир аркылуу угуп жүрчү элем дутарды. Качан өз көзүң менен көрүп, жанында туруп укканыңда такыр башкача таасир калтырат экен.

Кулактан кирип жүрөктү алган музыка сени Шинжаңдын тоолоруна, түздүктөрүнө алып жөнөйт. Комузга салыштырмалуу дутардын мойну узун. Комуз үч кылдуу болсо, адатта дутарда эки кыл болот. Ал эми музыкалык аспаптар айылынан сатар көп кылдуу дутарларын да көрдүм. Дутардын мындан башка да дап, тэмбур, равап ж.б. түрлөрүн көрө аласыз. Айтымда, мында элдик аспаптардын 50дөн ашуун түрү чогултулган жана жасалган. Музыкалык аспаптар айылындагы усталар чыгармачылык менен узанып, дагы да элдик аспаптардын эл арасындагы түрлөрүн калыбына келтирип, ага чыгармачылык менен жан киргизчүдөй.

Ханзу салттуу медицина эмканасында

«Хуаюань жолу» күндүзгү кароо борборуна барып, аерден жергиликтүү жамааттардын күндүзгү эс алуусу үчүн кандай шарттар түзүлгөнүн өз көзүбүз менен көрүп, иероглиф жазууда өз күчүбүздү сынаган соң, Кашкар аймагынын ханзу салттуу медицина эмканасында болдук.

Кашкар – Шинжаңдагы ири шаар жана соода борбору, уйгур, кыргыз, кытай жана башка улуттардын өкүлдөрү жашаган аймак. Аталган медициналык мекеме ийне менен дарылоо, фитотерапия, кедр термобиологиясы, массаж, чөп менен дарылоо жана заманбап медицина ыкмаларын айкалыштырып дарылоо ишмердигин жүргүзөт.

Бул жай аз гана убакытта Шинжаңдагы жана Кашкар аймагындагы элдер үчүн ханзу салттуу медицинасы боюнча негизги медициналык борборлордун бири болуп калган. Мекеме бейтаптарды дарылоодон тышкары, изилдөө, окутуу жана адистерди даярдоо милдетин да аткарат.

Анда көрсөтүлүүчү кызматтар: Акупунктура жана массаж, табигый чөптөр менен дарылоо, реабилитациялык дарылоо, ички ооруларды салттуу ыкма менен дарылоо, гинекология, неврология, ревматология, травматология боюнча дарылоо. Ошондой эле анемия, жүрөк-кан тамыр жана бөйрөк оорулары, ошондой эле аялдар жана ата-энелер үчүн реабилитация кызматы бар.

Эмканада Кашкарда жашаган уйгурлар жана башка улуттардан тышкары, Пакистан жана Борбор Азиядан келгендер да дарыланган учурлар кездешет.

Эмкананын максаты акылдуу (Smart) технологиялар менен бейтаптарды сапаттуу тейлөө.

Жяшы суу ресурстар көргөзмө залында

Кашкарда «Суу ичкен булагыңды унутпа” деген кеп бар.

Биз, ар кайсы өлкөлөрдөн чогулган журналисттер тобу Кашкар аймагынын түштүк-батышындагы Жяши уездинин ичүүчү суу мемориалында болуп, “Жяши (Пайзават) уездинин шаардык жана айылдык аймактарын ичүүчү суу менен коопсуз камсыздоо долбоору” менен тааныштык.

Кашкар аймагынын климаты кургак, жаан-чачын аз, температура жогору. Абалтадан, таза ичүүчү суу тартыштыгы чоң көйгөй болгон. Жергиликтүү калк ичүүчү суунун тартыштыгынан арыкта аккан ылайланган суудан ичүүгө аргасыз болушкан, анын натыйжасында ар кандай ооруларга чалдыккан.

Жяшидагы ичүүчү суу көргөзмө залы (Drinking Water Memorial) Шинжаңдагы ичүүчү суу долбоорлорун ишке ашыруудагы тарыхый жетишкендиктерди даңазалоо үчүн ачылган. Анда аймактагы кар сууларын жана тоо булактарын топтоо, кум, ылайдан тазалоо, сууну калкка жеткирүү иштери кандай жүрүп жатканы көрсөтүлөт.

Көргөзмө кургак аймактарда таза суу менен камсыздоо канчалык оор болгонун жана азыркы жетишкендиктерди көрсөтүү максатында курулган. Мында Жяши уездиндеги жана Шинжаңдагы суу көйгөйлөрү, элдин суу издөөдө тарткан азаптары архивдик сүрөттөрдө ачык жана даана чагылдырылса, ичүүчү суу долбоорлорунун макеттеринен жана карталарынан – кантип суу алып келгендигин, каналдар, насос станцияларын, технологиялык жабдууларын – суу тазалоочу жабдуулар, чөкмө бассейндердин иштешин, видео көрсөтүүлөрдөн – суу долбоору ишке ашырылып жаткандагы элдин кубанычын көрө аласыз, ошондой эле экологиялык маалыматтар – суу жеткирүү аркылуу аймактагы жашоо сапаты кандай өзгөргөнүн көрсөтөт.

Бул Шинжаңдагы сууну үнөмдүү пайдалануу түшүнүгүн жайылтуу, тарыхты сактоо жана жаш муундарга түшүндүрүү, аймактагы туризмди өнүктүрүү жана элге суу долбоорлорунун маанисин көрсөтөт.

“Жяши (Пайзават) уездинин шаардык жана айылдык аймактарын ичүүчү суу менен коопсуз камсыздоо долбоорунун” максаты: шаардык жана айылдык аймактарда таза ичүүчү суу менен камсыздоонун коопсуздугун жогорулатуу; суу жеткирүү инфраструктурасын жакшыртуу; тургундардын ден соолугун коргоо үчүн таза суу жеткирүүнү камсыздоо; суу жеткирүү тармагындагы жоготууларды азайтуу болуп, ичүүчү суу түтүктөрүн орнотуу жана оңдоо, насостук станциялар куруу же оңдоо, суу сактагыч жайларды куруу же жаңылоо; сууну тазалоо системаларын орнотуу; калк-тын суу колдонуу маданиятын жакшыртуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү иштери аткарылган.

Ичүүчү суу долбоору – аймактагы суу жеткирүүнүн туруктуулугун камсыз кылган; тургундардын таза сууга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейткен; суу жеткирүүдө булгануудан сактап, эпидемиялык оорулардын алдын алган; айыл чарба жана мал чарбачылыгы үчүн да туруктуу суу булагын камсыз кылган; калктын жашоо сапатын жакшырткан алдыңкы технологияларга негизделген.

(Уландысы бар)

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар