Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыГермания гуманитардык виза берүүнү убактылуу токтотту

Германия гуманитардык виза берүүнү убактылуу токтотту

Германия укук коргоочуларга, журналисттерге жана согушка каршы активисттерге берилчү гуманитардык визаларды убактылуу токтотту.

Ички иштер министрлигинин расмий сайтында жарандарды гуманитардык негизде кабыл алуу жараяны азырынча токтотулганы жазылган. Бул виза көбүнчө куугунтукка кабылган адамдарга — саясий себеп менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон жарандарга берилчү.

«Ковчег» укук коргоо долбоору билдиргендей, соңку үч жылда жалгыз эле Россиядан 3000дей адам ушундай визанын негизинде Германияга кирген.

Азырынча чечим канчага чейин күчүндө болору белгисиз. Виза алып койгондор же документин күтүп жаткандарга бул кандай таасир тийгизери да так айтылган эмес.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар