Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАзербайжан Сирияга жаратылыш газын экспорттойт

Азербайжан Сирияга жаратылыш газын экспорттойт

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Сириянын жаңы лидери Ахмед аш-Шараа менен жолугушууда газ маселесин талкуулап, Баку Дамаскты жаратылыш газы менен камсыздоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Азербайжан президентинин администрациясы маалымдады.

Газ Түркия аркылуу жеткирилмекчи. Алиевдин айтымында, долбоор «жакын арада» ишке ашып, Сириянын энергетикалык коопсуздугуна салым кошот.

AFP агенттиги белгилегендей, Башар Асаддын режиминен кийинки Сириянын исламисттик жетекчилиги 14 жылга созулган жарандык согуштан кийин өлкөнүн инфраструктурасын калыбына келтирүүгө аракет кылууда. Май айында Сирия Түркия менен газ жеткирүү тууралуу келишимге жеткенин билдирген.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар