27–29-март күндөрү Чолпон-Ата шаарында “Jaratman айыл фест” аталышындагы социалдык-маданий фестиваль өтөт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.
Долбоордун демилгечиси — “Jaratman айыл” социалдык долбоорунун автору Степан Жаратман. Иш-чара блогерлерди, креаторлорду, бизнес өкүлдөрүн жана жергиликтүү тургундарды бир аянтчага бириктирет.
Фестивалдын негизги максаты — жаратылышка аяр мамиле кылуу маданиятын жайылтуу, корук аймактарды көрктөндүрүү, аскалардагы жана жаратылыш объекттериндеги жазуулар маселесине коомчулуктун көңүлүн буруу, ошондой эле айыл жергесинде туруктуу туризмди өнүктүрүү аркылуу жергиликтүү калкка киреше булагын түзүү.
Программанын алкагында аскаларды тазалоо боюнча экологиялык акциялар, маданий иш-чаралар жана аймакты өнүктүрүүгө багытталган демилгелер талкууланат.
Уюштуруучулар компанияларды жана уюмдарды долбоорду колдоого чакырат. Бул демилгеге катышуу бренддин аброюн бекемдөөгө жана аймактын туристтик потенциалын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Байланыш телефону: 0507 551 600



