Башкы беткеМаанилүүЖапаров Токаевди референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Жапаров Токаевди референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевди Казакстанда жаңы Конституциянын долбоору боюнча өткөн референдумдун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады. Ал добуш берүү жарандардын өз эркин билдирүүсүнүн айкын көрүнүшү болуп, коомдун мамлекеттик институттарга болгон ишенимин тастыктаганын белгиледи. Ошондой эле шайлоочулардын жогорку катышуусу калктын жарандык активдүүлүгүн жана жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоону көрсөтөрүн кошумчалады.

Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстандагы процесстерге көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазы экенин айтты. Ал эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана аны тереңдетүү келечегин талкуулашты.

Сөз соңунда Садыр Жапаров эки элдин ортосундагы салттуу достук жана боордоштук мамиле мындан ары да бекемделерине ишеним билдирип, кесиптешин алдыдагы Орозо айт жана Нооруз майрамдары менен куттуктап, эки өлкөнүн элине тынчтык, ынтымак жана өнүгүү каалады.

Гезит

Манасчы, кыл кыякчы Кенжекара

XX кылымдын башында, тагыраагы 1903-1904-жылдары Орто Азияга, Түркестанга саякаттап келген (мүмкүн мамлекеттик тапшырмалар менен келген) Б.В. Смирнов «В степях Туркестана» деп аталган аңгеме, очерктеринин...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар