Кечээ, 16-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Исламофобияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган жогорку деңгээлдеги иш-чарада сөз сүйлөдү.
Ал өз сөзүндө Кыргыз Республикасы исламий маданий мурастар плюрализм жана дин тутуу эркиндиги принциптери менен айкалышкан светтик, көп улуттуу жана көп конфессиялуу мамлекет экенин белгиледи. Эгемендүүлүктөн бери өлкөдө диний турмуш жанданып, мамлекет бул процесстин коомдук ынтымакты чыңдоого багытталышына өзгөчө көңүл буруп келатканын айтты.
Эдил Байсалов Садыр Жапаров жетекчилик кылган учурда диндер аралык диалогду, сабырдуулукту жана маданий көп түрдүүлүктү урматтоо саясаты ырааттуу жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, исламофобияга каршы күрөшүү бардык диний жек көрүүнүн түрлөрүнө каршы күрөш менен тыгыз байланышта. Ал мусулмандарга карата басмырлоого жол берилбеши керектигин, ошондой эле башка дин өкүлдөрүнүн укуктары да бирдей корголушу зарыл экенин баса белгиледи.
Мындан тышкары, ал Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга токтолуп, аймактагы чыңалуунун күчөшү тынчсыздануу жаратканын билдирди. Кыргыз Республикасы бардык тараптарды сабырдуулукка чакырып, согуштук аракеттерди токтотууга жана эл аралык укуктун негизинде диалогду кайра жандандырууга үндөй турганын белгиледи.

