Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыГарвард университети Трамптын администрациясынын сотко берди

Гарвард университети Трамптын администрациясынын сотко берди

Гарвард университети дүйшөмбү күнү АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясына каршы федералдык сотко арыз менен кайрылды. Бул тууралуу BBC кабарлады.

Мунун алдында университет администрациянын «DEI» деп белгилүү болгон түрдүүлүк, теңчилик жана инклюзивдүүлүк программаларын токтотуу талабын четке каккан. Ошондой эле кампуста хиджаб кийүүгө тыюу салуу тууралуу көрсөтмөлөр да колдоо тапкан эмес.

Бул чечимге жооп катары Трамптын командасы Гарвардды 2,2 миллиард доллар өлчөмүндөгү мамлекеттик каржылоодон ажыратуу, салык жеңилдиктерин жокко чыгаруу жана чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу укугунан айрылтуу менен коркутту.

Аталган администрация Принстон, Колумбия жана башка белгилүү университеттерге да ушундай эле басым жасаганы айтылат. Бирок бул маселени сотко чейин көтөрүп чыккан алгачкы окуу жай — Гарвард болду.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар