whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.05.2025
17.4 C
Бишкек
Башкы беткеАналитикаЖер энебизди жеп бүткөнү калдыкпы?

Жер энебизди жеп бүткөнү калдыкпы?

Адамзаттын терең ойлонулбаган аракеттеринен улам акыркы жылдарда Жер планетасында өтө олуттуу экологиялык көйгөйлөр пайда болду. Ошол эле кен байлыктарды ыраатсыз иштетүү, турмуш-тиричилик калдыктарын иргеп, кайра иштетпей ачык асман алдында калтыруу, техника, технологияны өнүктүрүү менен абага көмүртекти, уу газдарды көп бөлүп чыгаруу келип-келип эле адам, өсүмдүк, жан-жаныбар ооруларынын, мал ылаңдарынын түрүн көбөйттү. Албетте, айлана-чөйрөгө терс таасир эткен экологиялык көйгөйлөрдүн кандайдыр бир бөлүгүн азайтсак болот. Бирок, ага бир гана экологиялык уюмдардын аракети жетишсиз. Ал үчүн Жер жүзүндөгү өлкөлөр, адамдар жумулган колдой биригүү менен, бир максатта аракеттениши керек.

Эң зыянкечи – адам

Негизи, “айта берсе арман көп” дегендей, жер кыртышы, суу, атмосфера, биосфера, жаратылыш ресурстары жана ландшафтка байланыштуу экологиялык көйгөйлөр арбын. Алсак, Жер бетиндеги агын суулардын, ичүүчү жана туздуу суулардын, кыртыштын, абанын булганышы учурда өтө орчундуу көйгөй. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча ар күнү сууларга, жер кыртышына миллиондогон тонна турмуш-тиричилик калдыктары төгүлүп, куюлуп жатат. Алардын ичинен эң кооптуусу мунай продукциялары, уулуу химиялык суюктуктар. Жүздөгөн химиялык ишканалар дарыя, көлдөргө иштетүүдөн чыккан калдыктарды куюп жатышат. Ар жылы деңиздерге, океандарга мунай иштетүүдөн чыккан калдыктарынын кошулушу суу жаныбарларынын жок болушун, ичүүчү таза суулардын керектен чыгышын шарттап жатат. Муну менен бирге эле калк санынын жылдан жылга өсүшү менен (2025-жылы 8, 21 млрд. болгон) жаратылыш ресурс-тары барган сайын азайып бара жатат. Болжолдуу эсеп боюнча 2050-жылы адам саны 9 миилиарддан ашат жана ал убакта адамдарга суу, азык-түлүк, табийгый отун жетишсиз болушу ыктымал.

Эсептөөлөр боюнча азыр дүйнө калкынын саны 8 миллиарддан ашып, жыл өткөн сайын ичүүчү суу, тамак-аш, табийгый отун (нефть, газ) жетишсиз болуп бара жатат. Бүткүл дүйнөлүк жаратылыш фондунун эсеби боюнча адамзат Жер ресурстарын ашыгы менен пайдаланып жатып 1976-жылдан 2016-жылга чейин планетадагы сүт эмүүчүлөрдүн, балык, канаттуулар, сойлоп жүрүүчүлөр, жерде, сууда жашоочу жаныбарлар 68 пайызга кыскарган. Жапайы жаныбарлардын 500дөй түрү кыска убакытта жок болуу коркунучуна кептелип, 20 жыл ичинде аларды толук жоготуп алабыз деген маалымат бар.

Өзүбүзгө өзүбүз ор казып жатабыз

Өнөр жай, турмуш-тиричилик калдыктарынын эпсиз көп чыгышынан, тоо кендерин массалык түрдө иштетүүдөн, автоунааларды чыгаруудан жана тузсуз сууларды сарамжалсыз колдонуп, атмосферага көмүр кычкыл газын көп чыгаргандыгыбыздан улам Жер планетасында глобалдык жылуу көйгөйү жаралды. Анын кесепетинен миңдеген кылымдар былк этпеген мөңгүлөр эрип, климат кескин өзгөрдү. Акыркы 5-10 жыл ичиндеги тынымсыз сел каптоолор, бо-роон-чапкындар, кургакчылык жана башка табийгый кырсыктар буга мисал. Адамзат ар жылы ири көлөмдөгү жаратылыш газын, нефтини, көмүрдү жагып келе жатат. Анын кесепетинен жерлерде чакырымдарга созулган жаракалар пайда болуп, жер титирөөлөр тез-тез боло баштады. Эгер аба температурасы минтип жылып кете берсе бир топ шаарлар жашоосун токтотуп, мөңгүлөрдүн эриши аба ырайын өзгөртүү менен бирге кылымдар бою кыймылсыз жаткан кооптуу микроорганизмдерди, вирустарды эркиндикке чыгарышы толук мүмкүн.

Таштандыларды коопсуз кайра иштетүүчү заманбап ири заводдор аз курулгандыктан ар кандай химиялык, радиоактивдүү, уулуу калдыктар жер кыртышын, сууларды булгап келе жатат. Анын кесепетинен түрдүү өсүмдүктөр, жаныбарлар түп тамыры менен жоголуп, экологиялык система балансы начарлап кетти. Деңиз, океан сууларына катуу да, суюк да химиялык өнөр жай калдыктарын куя берип океан суулары кычкылдуулугу жогорулап кеткенин экологдор коңгуроо кагышууда. Эгер азыр бул боюнча мерчемдүү чаралар көрүлбөсө дагы 50-100 жылда деңиз, океан сууларында планктон, малюскалар жашай албай калышы ыктымал дешет окумуштуулар. Алар жоголгон соң сууларда акырындык менен балыктар, киттер, суу канаттуулары да жок болот. Ошондой эле маржан (коралл) рифтери да жоюлуп кетиши ыктымал.

Бул аз келгенсип адам пендеси Жер жүзүндөгү токойлорду кыскарткандан кыс-картып эле келе жатат. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча акыркы эле 10 жылда планетабыздагы 478,9 миң чарчы километр токой кыйылып кеткен. Анын натыйжасында озон катмары жукарып, Күн нурунун радиациясынан улам адамдарда ар түрдүү оорулар көбөйгөн. Учурда саат сайын дүйнө жүзүндө бир футбол аянтчасындай токой кыйылат жана мындай ылдамдыктагы токой кыюу токтотулбаса 100 жылга жетпеген убакытта планетабызда токой калбай калат. Учурда Бразилия, Конго жана Индонезия мамлекеттеринде токойлор дээрлик жок болуу алдында турат. Токойлордун кыскарышынан жана башка себептерден улам аба булганып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун иликтөөлөрү боюнча абанын булганышынан жылыга 4,2 миллиондон 7 миллионго чейин адам каза болот.

Адам баласы ичүүчү таза сууну кор кыла берип, эми зар боло баштадык. Жакынкы жылдарда Африка, Европа, Азия жана АКШ мамлекеттеринде да таза суу тартыш болору да байма-бай айтылып, жазылып жатат. Жаратылыш ресурстарынын булганышы, азайышы менен балдарда, наристелерде өнөкөт оорулар көбөйдү. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча 2023-жылы дүйнө жүзү боюнча 1,3 млрд. адам, башкача айтканда, ар бир алтынчы адам майып. Ошондуктан экологиялык көйгөйлөргө ар бир мамлекет эмес, ар бир адам маани берип, тырмактын учундай болсо да экологияны тазартууга салым кошууну ойлонушу керек.

Пластмасса сүт эмүүчүлөрдөн көп

Таштанды демекчи, Environmental Science & Technology журналы Жер планетасындагы химиялык калдыктар глобалдык экосистеманын туруктуулугуна чоң коркунуч жараткыдай көлөмгө жеткени экологдорду кооптондуруп жатканын жазды. Стокгольм туруктуулук борборунун окумуштууларынын айтымында, акыркы 10 миң жылда айлана-чөйрө салыштырмалуу туруктуу болсо, учурда Жер бузулуу, кыйроо чегине чейин жетиптир. Аталган борбор окумуштууларынын иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча 350 миң белгилүү химиялык кошулмалардын саналуулары гана жаратылышка кандай зыян алып келери иликтенген. Алардын белгилешинче, 1950-жылы химиялык заттарды өндүрүү 50 эсеге көбөйсө, 2050-жылга карата бул көрсөткүч 3 эсеге көбөйөт деген божомол бар. Башканы коё туруп пластмассаны эле ала турган болсок, планетадагы пластмассанын жалпы салмагы  жер бетиндеги бардык сүт эмүүчүлөрдүн салмагынан ашып кеткен.

“Мунун өзү адамзат планетанын чыдамдуулук чегинен эбак өтүп кеткендигин билдирет. Биз азыр байкалбаган менен өтө кыйын акыбалга туш болдук”, – деп баса белгилеген Гетеборг университетинин профессору Бетани Карни Алмрот.

Экологдордун билдиришинче 1950- жылы дүйнө жүзүндө жылына 2 млн. тонна пластик өндүрүлгөн болсо 2015-жылы пластик өндүрүү 419 млн. тоннага жеткен. Nature илимий журналында 14 млн. тонна пластик жылыга океанга түшүп, жапайы жаныбарларга олуттуу зыян келтирет. Эгер буга каршы эч кандай чаралар көрүлбөсө 2040-жылы океандагы пластик 600 млн. тоннага жетет деген божомол бар. National Geographic журналы өндүрүлүп чыккан пластиктин 91 пайызы кайра иштетүүгө жарабасын жана ал 400 жылдан кийин гана чиририн жазып чыккан.

Адамзатты “моргго” жетелеген мода

Окумуштуулардын айтымында, азыркыдай көмүр кычкыл газы Жер планетасында 4 млн. жыл мурун болгон. Парник газынын көбөйүшүнөн улам Австралия, АКШ, Африка, Жакынкы Чыгыш жана Азияда токой өрттөрү чыгып, рекорддук көлөмдөгү түшүмдү жок кылган. Ошондой эле Арктика жана Антарктидада аба температурасы биринчи жолу 20 градуска чейин жылып, тропикалык бороондорду, суу жана ысыктык толкундарын пайда кылып жатат. Арктиканын жылышы менен дүйнөлүк океан деңгээли 3,2 миллиметрге жогорулаган жана акыркы жүз жылда ал 0,7 метрге чейин жогорулашы ыктымал деген божомол бар. Ошол себептен дүйнө эли кайра жаралуучу энергия булактарына өтүүнү активдүү демилгелей башташты.

Дагы бир орчундуу экологиялык маселе – бул айыл чарбасына таза суунун көп пайдаланылышы. Айдоо аянттары, маданий жайыттар дүйнөлүк таза суунун төрттөн бир бөлүгүн алат. Бул өз кезегинде тузсуз суу тартыштыгын жаратып, учурда 1,1 млрд. адам таза сууга жетпей жашап келет. А 2,7 млрд. адам жылыга жок дегенде бир айдай суу көйгөйүнө кабылат. БУУ ушул кылымдын орто ченинде адам саны 9 миллиардга жетсе, 2050-жылы азык-түлүккө болгон муктаждык 70 пайызга жогоруларын билдирген.

Баарынан кызыгы, дүйнөлүк көмүртек бөлүп чыгаруунун 10 пайызы мода индус-триясына таандык. Мода кеме жүргүзүү менен авиацияны бириктирип алганчалыктан да жогору парник газын бөлүп чыгарары аныкталган. Дүйнө жүзү боюн-ча таза суунун 20 пайызы текстиль боёого кетсе, ар жылы 92 млн. тектстиль калдыктары чыгат жана бул көрсөткүч 2030-жылы 134 млн. тоннага жетет деген божомол бар. Ыргытылган кийимдер, текстиль калдыктары, айрыкча оңой менен чирибей турган полиэстер, нейлон, полиамид, акрил жана башка синтетикалык материалдар жер кыртышын жана жакынкы суу булактарын оңой менен калыбына келтире албай турган акыбалга жеткирген.

(Уландысы бар)

Мелис СОВЕТ уулу,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар