Башкы беткеСаясат жана коомКоомАкыйкатчы: «Соттор негизсиз камоолорду чектеши керек»

Акыйкатчы: «Соттор негизсиз камоолорду чектеши керек»

2024-жылы акыйкатчы институтуна түшкөн даттануулардын басымдуу бөлүгү негизсиз камоолорго байланыштуу болгон. Бул тууралуу Омбудсмендин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тергөөчүлөрдүн камакка алуу боюнча өтүнүчтөрүн соттор жапырт канааттандырып жатканын белгилеп, БУУнун Токио эрежелерине ылайык, камоо эң акыркы чара болушу керектигин эскертти.

Мисал катары, психикалык оору менен жабыркаган жаранды «Коаксил» дарысын заказ кылганы үчүн камакка алуу фактысы келтирилет. Омбудсмен кийлигишкен соң, Октябрь райондук соту камоо чарасын үй камагына өзгөрткөн.

2023-жылы сотко берилген 8565 өтүнүчтүн 96 пайызы камакка алуу тууралуу болуп, алардын 86,9 пайызы канааттандырылган.

Жаманбаева сотторду мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмелерге таянып, камак чарасын зарыл учурларда гана колдонууга чакырды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар